Ысык-Ата районунун баш имам хатиби райондогу имамдарга жыйын өтүп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков райондогу имамдарга жыйын өтүп, аларга бир катар тапшырмаларды берди.

Аталган жыйын баш имам хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, район боюнча ай сайын көчмө жыйын катары өткөрүлүп келет. Бул жолкусунда Ысык-Ата хатибиятына караштуу Ивановка айылынын «Саад ибн Абу Ваккас» мечитинде өттү.

Жыйынга Ысык-Ата хатибиятынын кызматкерлери жана райондогу мечиттердин имамдары менен жардамчылары катышты.

Жыйын ар айлык отчетторду алуу менен башталып, имамдардын суроолоруна хатибият тараптан жооптор берилди. 2 саатка созулган жыйында негизинен төмөнкү маселелер каралды:
-Мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин имамдарына эскертүүлөр берилип, тез аранын ичинде документ иштерин ирээтке келтирүү;
-Мечиттерде санитардык талаптардын так сакталуусун көзөмөлдөө;
-Мечиттерди жылуулук менен камсыздоо.

«Көчмө жыйын ай сайын райондордогу мечиттерде өтүп турат. Бул да болсо имамдар үчүн кандайдыр бир сабак болуп, бири-биринен тажрыйба алмашуусуна шарт түзөт. Мисалы: кантип мечитти жылытса болот, даараткана, ысык суу, санитардык талаптар боюнча маалыматтуу болуп калышат»,-деди Бактыбек ажы Убабеков.