Аламүдүн районунда диний кырдаал талкууга алынды


Чүй облусунун Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов райондогу имамдарга жыйын өтүп, райондогу диний кырдаалды талкууга алды.

Аталган жыйын Аламүдүн районундагы Озерное айылынын «Байыш» атындагы мечитинде өтүп, ага Аламүдүн районунун имамдары катышты.

Жыйын алкагында имамдар айдын отчетторун тапшырып, кийинки айга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жыйын алкагында негизинен төмөнкү 5 маселе каралды:
1) Райондогу мечиттерди жылуулук менен камсыздоо;
2) Аламүдүн району көп улуттуу болгондуктан, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө;
3) Үгүт-насаат иштерине көңүл буруу;
4) Каттоосу жок мечиттердин ишин тез арада жөнгө салуу;
5) Пандемияга карата мечитке келген жарандарды санитардык эрежелерине көңүл бурдуруу.

Баш имам хатиб өз сөзүндө берилген тапшырмаларды бир айдын ичинде ишке ашырып, кийинки чогулушта отчет алаарын баса белгиледи.

«Имамчылык бул – өтө жоопкерчиликтүү иш. Ар бир имам алгач өзүнүн айылындагы диний кырдаалды карап, элдин туура эмес багытка батып кетүүсүн алдын алышы керек. Ал үчүн КМДБ, казыят жана хатибияттан чыккан буйруктарды так аткаруу зарыл. Буюрса келээрки чогулушта бүгүн берилген тапшырмалар боюнча отчет алабыз», — деди Абдурахман ажы Анаркулов.