Бишкек шаарынын имамдары бирдиктүү формага өтүшөт

Ордо калаадагы бардык имамдар бирдиктүү формага өтүшөт. Бул туурасында бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, шаардык казыяттын кызматкерлери бир түрдөгү форма, ал эми имамдар өзүнчө бирдиктүү формага өтүшөт.  

«Диний кызматкерлер ар дайым эл менен тыгыз иш алып барып, элдин жакшылык, жамандыгында биргебиз. Ошондуктан имамдар окшош чепкен кийип, бирдиктүү формада болсок деген чечимге келдик. Кеңешип, түсүн, түзүлүшүн тандадык. Тигүүчүлөр менен баасын келишип, буюрса окшош чепкендерди тиктиребиз»,-деди шаар казысы.