Чаткалдын баш имам хатиби жергиликтүү дарыгерлерден кабар алып, медициналык кол каптарды тапшырды

Бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов өлкөбүздө жүрүп жаткан эпидемиялык оор кырдаалга байланыштуу аталган  райондун Кызыл-Токой айылындагы ФАП кызматкерлеринен кабар алды.

Өз кезегинде Кубанычбек ажы калктын саламаттыгы үчүн жан үрөп иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, 1500 сомго 100 даана медициналык кол каптарды тапшырды. Ошондой эле кандай жардам керек болсо көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кубанычбек ажы аталган ФАПга бир жасалма дем алдыруучу аппарат, эки кан басымы өлчөөчү аппарат жана ымыркайларды тартуучу тараза тапшырган эле.

“Өлкөбүз өзгөчө абалга түшүп турган маалда медицина кызматкерлери  менен тыгыз байланышта болуп, алар көрсөткөн санитардык сактык эрежелерди калкка жеткирүүдө көмөк көрсөтүп келебиз. Элибиздин саламаттыгы үчүн биз ар дайым кызматташууга даярбыз”,-деди Кубанычбек ажы.