Жума – нур чачкан эң жакшы күн

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.

Жума – сөздүк мааниси «топтолуу», «чогулуу» дегенди туюнтат. Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) бир нече күнгө созулган машакаттуу жол жүрүп, акыры Мадинага жакын жердеги Кубага келип өргүгөн. Мында бир нече күн туруп, алгачкы Куба мечитин курган. Андан соң өзүн утурлаган мусулмандар менен бирге Мединага аттанат. Салим бин Ауф уулдары отурукташкан Рануна өрөөнүнө келгенде бешим убактысы кирип калган болчу. Ушул жерде биринчи жолу жума намазын окуган. Дал ушул жумада «Силер бу дүйнөдөн өтөрдөн мурун, акыретке жакшы амал жолдогула. Кийин Алла, «Элчим сага динимди жеткирбедиби? Сага мал-мүлк бербедимби? Мүмкүнчүлүк бербедимби? Дүйнөдө акыретиң үчүн эмне даярдадың?» – деп сурайт… Андай болсо баары күчүнүн жетишинче өзүн тозок отунан сактасын. Жарым курманы садага кылуу менен же болбосо жакшы бир сөз менен болсо да муну жасасын», – деген мааниде хутба кылган.[1] 

Мына ошол күндөн тарта жер жүзүндө жума намаздары окулуп келет. Жума намазы мусулмандар топтолуп, бири-бири менен учурашкан, ал-абал сурашып, бири-бирине жылуу сөз айткан, аптанын башталышына жакшы дуба-тилек кылган күн катары белгилүү. Жума намазы тууралуу куттуу Куран-и Каримде төмөнкүдөй аяттар бар:

يَٓا اَيُّهَا الَّذينَ اٰمَنُٓوا اِذَا نُودِيَ لِلصَّلٰوةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا اِلٰى ذِكْرِ اللّٰهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ اِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٩﴾

فَاِذَا قُضِيَتِ الصَّلٰوةُ فَانْتَشِرُوا فِي الْاَرْضِ وَابْتَغُوا مِنْ فَضْلِ اللّٰهِ وَاذْكُرُوا اللّٰهَ كَثيراً لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ﴿١٠﴾

وَاِذَا رَاَوْا تِجَارَةً اَوْ لَهْواً انْفَضُّٓوا اِلَيْهَا وَتَرَكُوكَ قَٓائِماً قُلْ مَا عِنْدَ اللّٰهِ خَيْرٌ مِنَ اللَّهْوِ وَمِنَ التِّجَارَةِ وَاللّٰهُ خَيْرُ الرَّازِقينَ ﴿١١﴾

«Эй ыймандуулар! Жума күнү жума намазга чакыруу жасалганда, дароо Алланы зикир кылууга (намазга) шашылгыла.  Бардык соода-сатык ишиңерди токтоткула. Эгер билсеңер бул силер үчүн дагы да жакшы!

Качан намаз аяктаса жер бетине тарагыла жана Алланын ырайымын издегиле. Анан да Алланы көбүрөөк эстегиле; мүмкүн ийгиликке жетесиңер.

Ал эми соода-сатыкты же (көңүл ачуучу) оюн-зоокту көрөр замат сенин үгүт насаатыңды таштап, баары ал тарапка жөнөшөт. (Аларга): «Алланын алдындагылар (эки дүйнөдөгү ырыскысы, ийгилик, сыйлыктары) оюн-зоок жана соодадан көрө жакшы, Алла ырыскы берүүчүлөрдүн эң жакшысы» — деп айт».[2]

Жума күнү азан чакырылганда намазга ашыгуу зарыл. Аяттагы соода-сатыктан максат; күнүмдүк турмуш-тиричилик, ар кандай жумуш жана  кесипти токтото туруу деп түшүнүү туура. 10-аяттагы «жер бетине тарагыла жана Алланын ырайымын издегиле» деген маанини намаздан кийин эмгектенүүгө тыюунун жоктугу деп кабыл алуу керек. Жөөттөр ишемби күнүн өзгөчө дата көрүп, бул күндү артыкбаш ыйыкташтырып, кээ бир нерселерге тыюуларды ойлоп табышкан болчу. Аяттын хикматы ушул сыяктуу жөрөлгөлөрдүн алдын алган болуу керек. Жогоруда берилген 11-аятты айрымдар туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Аятта баяндалган окуяга назар салсак, бир жолу пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) жума кутпасын окуп жатканда, тээ алыстан кербендин келе жатканы жарыя кылынат. Ушул маалда Мадинаны каатчылык каптап, кербенди зарыгып күтүп жатышкан болчу. Жарыяны угар менен көпчүлүк ибадатын унута ордунан ыргып туруп, кербенди утурлай чуркап жөнөшөт. Мечитте он эки гана кишинин калганы боюнча рабаят бар.[3] Булактарда маанилүү ибадатты ара жолго таштап, пайгамбарыбызды (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ыңгайсыз абалда таштап кеткендер жаңыдан гана ислам динин кабыл алгандар экени айтылат. Мындай шартта ибадат ар кандай дүйнө-мүлктөн абзел эмеспи. Аят-и каримада мына ушул назарга тутулган десек жаңылыштык болбос (Аллаху аълам).

Пайгамбарыбыз (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) ким үч жолу негизсиз жума намазын таштаса, анын жүрөгүнүн мөөрлөнөрүн айткан.[4] Баарыбыз билгендей, белгилүү шарттар бар болгон учурда жума намазынын өкүмү фарз болуп саналат.[5] Пайгамбарыбыз кимде-ким жума күнү жуунуп-таранып, жума намазын окуп, кутпаны көңүл коюп укса, анын жумадан жумага чейинки күнөөлөрүнүн кечирилишин айткан.[6]   Жума күнү аткарылчу сүннөттөр төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Жуунуп-тарануу;
  • Мурутту кыскартуу, тырмак алуу сыяктуу тулку бой тазалыгы;
  • Мисвак же тиш щеткасы менен тишти тазалоо;
  • Жаңы жана таза кийим кийүү;
  • Жыпар жыт себинүү;
  • Мечитке эрте баруу;
  • Көп-көп дуба кылуу, пайгамбарыбызга (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) көп-көп салават айтуу.

خيرُ يومٍ طلعتْ علَيه الشمسُ يومُ الجُمعة فيه خُلقَ آدمُ وفيه أُدخِلَ الجنةَ وفيه أخرِجَ منها و فيه تقوُم الساعَة

«Күн чыккан эң кайырлуу күн – жума. Адам ушул күнү жаратылып, ушул күнү бейишке киргизилди жана ушул күнү бейиштен чыгарылды. Кыямат да жума күнү болот»[7]

Жума – кубанчыбыз толкуп-ташкый турган күн. Ар кандай түйшүктү саамга болсо да унутуп, көңүлдү намазга жана ибадатка бура турган күн. Турмуш-тиричиликтен чарчап-чаалыккан жан дүйнөнү эс алдырып, рухту азыктандыра турган күн. Билип-билбей кетирген (кичинекей) күнөөлөрдөн аруулана турган күн. Айрыкча дуба кылып, Алла Тааладан сурай турган күн. 

إِنَّ فِى الْجُمُعَةِ سَاعَةً لاَ يَسْأَلُ اللَّهَ الْعَبْدُ فِيهَا شَيْئًا إِلاَّ آتَاهُ اللَّهُ

«Жума күнү бир саат бар. Кул ошол саатта Алладан эмне сураса да сөзсүз берет»[8]

Ыйык жума – мусулмандардын символдорунун бири болуп саналат. Жума күнүнүн артыкчылыгын билдирген бир нече куттуу хадистер бар. Бул күндү ар бирибиз татыктуу өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок бул сөз, аптанын башка күндөрү ибадатты таштап коюу дегендикке жатпайт! Ар бир күндү Алла Таала жараткан эмеспи. Ар бир күндүн өз ибадаттары, беш маал намазы бар. Айрым китеп берилгендер аптанын бир гана күнүн ыйыкташтырып, ошол күнү гана ибадат кылып, бирок башка күндөрү күнөөгө белчесинен бата беришет. Бул чоң адашуу.

Ахл-и китаб болуп эсептелген жөөттөр жана христиандар өздөрүнө берилген жума күндү таштап коюшканы, Алланын ыракымы менен кайрадан момундарга берилгени кабарларда айтылат.[9] Демек, жумага жакшылап даярданып баруу керек. Жума күнү Кахф сүрөсүн окуу сооптуу иш болуп саналат.[10] Ошондой эле, жума кутпасын кунт коюп угуу, сүйлөбөө да маанилүү эреже болуп эсептелет.[11]

Жыйынтыктап айтканда, жума – жалпы мусулмандар топтолуп, достукту, туугандыкты жанданта турган күн. Жума – жума намазы себептүү майрам күн. Бирок өтө зарыл жагдайларда жума намазы фарз болбой калышы мүмкүн. Мисалы: чогулуу, топтолуу, жыйналуу адамдарга зыян жеткирүү коркунучу анык жаралса, анда жумага убактылуу чектөө кириши мүмкүн. Муну албетте, мусулмандар дин башкармалыгы жоопкерчиликти моюнга алуу менен киргизе алат. Мындай шартта түшүнүктүүлүк жана сабырдуулук менен кабыл алып, ошого жараша амал кылуу бизге жарашкан сапат болуп саналат. 

Эскерте кетчү жагдай, жыл сайын кара жума/ черная пятница/ Black Friday саамалыгы уюшулат. Дал ушул күнү эң беделдүү соода түйүндөрү, дүкөн жана магазиндер кардарларына таң эрте ачылып, болуп көрбөгөндөй арзандатуу кылышат. Ушул күнү адамдар, өзгөчө батышта кымкуут түшүп, товар талашып кызыл чеке болуп мушташып жатып калышат. Быйылкы 2020-жылы «кара жума» 27-ноябрга туура келет. Кара жуманын карааны бизге да келип жеткенин рекламалардан, социалдык тармактардан көрүп жатабыз. Муну жөн гана күз мезгилинин соңку аптасында күзгү товарларды арзан баада сатуу катары гана карагандар жок эмес. Деген менен күндөрдүн ичинен жуманын, түстөрдүн ичинен каранын тандалып алышы бизди тынчсыздандырат. «Кара жума» акциясын мусулмандардын ишениминде ыйык болуп эсептелген жума күнүнө атайылап шек келтирүү деп билебиз. Ошондуктан биз ыйык эсептелген күнүбүзгө этномаданиятыбызда да негизинен негатив маанини туюнткан «кара» сөзүн колдонбоону сунуш кылабыз. Жума намазына тоскоолдук жарата турган[12] мындай карасанатай түшүнүктүн аң-сезимибизге кадыресе көрүнүш катары сиңип калышына жол бербей, өз баалуулуктарыбызга ээ чыгалы.

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев

[1] Ибн Хишам, Сират, III, 30

[2] Жума сүрөсү, 9-11

[3] Бухари, Тафсир, 62; Тирмизи, Тафсир, 62; Табари, XXVIII, 103-105; Ибну Атиййа, V, 309

[4] Абу Дауд, Салаат, хадис № 1052

[5] Жума сүрөсү, 9; Абу Дауд, Тахарат, 129; Насаи, Жума, 2

[6] Бухари, Жума, 3; Насаи, Жума, 23

[7] Муслим, Жума, 18; Тирмизи, Жума, 353

[8] Тирмизи, Жума, 2

[9] Бухари, Жума, 1; Муслим, Жума, 856

[10] Ат-Таргибу ват-Тархиб, Китабул-Жума, 1/512-513

[11] Бухари, Жума, 36; Муслим, Жума, 11

[12] Абу Дауд, Жума, 1051