Айыпты бекитүү

Бир заманда бир көзү кылый жана бир буту кыска падыша болуптур. Күндөрдүн биринде ал өз мамлекетинде бүт сүрөтчүлөрдү чакыртып, өзүнүн сүрөтүн денесиндеги кемчиликтерди жашырган абалда тартууну буюрат. Бирок сүрөтчүлөрдүн бири да буга ыраазы болбойт. Алар өз-ара: «Бир көзү кылый жана бир буту кыска падышанын сүрөтүн кемчиликсиз кылып тартуу мүмкүн эмес, жалганды чагылдырган болобуз, биз мындай ишке бара албайбыз»- деп түрдүү шылтоолор менен ханга үзүр айтышыптыр.
Бирок бир сүрөтчү гана хандын буйругуна ыраазы болуп, бардык сүрөтчүлөрдү таң калтырыптыр.

Чындыгында, ал падышанын кемчиликсиз сүрөтүн өтө таң калаарлык даражада көркөм кылып чагылдырат.

Сүрөттө падыша мылтыгын колуна кармап кийикти мээлеп турган абалда болчу. Мындай учурда албетте мергенчи бир көзүн жумуп, бир бутун бүгүп, тизелеген абалда жерде отурган болот. Чебер сүрөтчү сүрөттө падышанын кылый көзүн жана чолок бутун мына ушул жол менен жашыра алат. Башка кесиптештери анын мындай чеберчилигине жана зиректигине алкыштарды айтышты. Анткени ал адамдарга айыптоо көзү менен эмес, «оң» көз менен карап, аны сүрөттө кемчиликсиз чагылдыра алды.

Биздин айланабызда да адамдардын кээ бир кемчиликтери көзгө урунуусу мүмкүн. Бирок биз алар жөнүндө сүйлөгөнүбүздө кемчиликтерди жашырып, жакшы жака жоруу, жакшы пикир жүргүзүүбүз зарыл. Себеби, инсан катадан алыс эмес. Андан сырткары, адамдардын кээ бир жасап жаткан иштерине сын көз менен кароодо анын акыйкатын билбей туруп, сыртынан баа берүү аркылуу орунсуз айыптап, акырында өкүнүп калышыбыз мүмкүн.
Аллах Таала Куранда:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اجْتَنِبُوا كَثِيرًا مِّنَ الظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ الظَّنِّ إِثْمٌۖ وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا يَغْتَب بَّعْضُكُم بَعْضًاۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَن يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُۚ وَاتَّقُوا اللَّـهَۚ إِنَّ اللَّـهَ تَوَّابٌ رَّحِيمٌ

«Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири бириңерди артыңардан тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрсүн?! Силер аны жактырбайсыңар! Аллахтан корккула. Чындыгында Аллах – тооболорду кабыл кылуучу, Боорукер. («Ал-Хужурат» сүрөсү, 12-аят)

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: إِيَّاكُمْ وَالظَّنَّ فَإِنَّ الظَّنَّ أَكْذَبُ الْحَدِيثِ. وَلَا تَحَسَّسُوا وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا تَحَاسَدُوا وَلَا تَدَابَرُوا وَلَا تَبَاغَضُوا، وَكُونُوا عِبَادَ الله إِخْوَانًا. (صحيح البخاري، كتاب الأدب)

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят: «Албетте Пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва саллам): «Жаман күмөн кылуудан сактангыла. Анткени жаман күмөн кылуу сөздөрдүн эң жалганы болуп саналат.
Атайылап бири-бириңердин жаман жагына кулак төшөбөгүлө, аңдыбагыла, көрө албастык кылбагыла, жүз үйүрүп кетпегиле, касташып араздашпагыла. Кудайга кулчулук кылууда баарыңар бир тууган болгула!», деп айтты». (Сахихул Бухарий, Адеп китеби)

Демек, өзгөлөрдөгү ачык көрүнүп турган айыптарды айтышыбыз гыйбат, анык эмес кемчилик же айыптарды айтышыбыз жаман күмөн, негизсиз айыпты айтуу болсо жалаа болот экен. Андыктан, башкалар жөнүндө сүйлөгөнүбүздө тилибизге этият бололу жана алардын жакшы жактарын гана айтууга аракет кылалы.

Даярдаган: АКнын төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев