Апам менен аялымдын мамилеси жакшы эмес. Апам мага “Аялың менен ажырашпасаң, сени ак кыламын”, дейт. Апамдын мындай талабын аткарбасам, чындап эле ага ак боломунбу?
Биз молдокелерге мына ушундай маанидеги суроолор көп түшүп турат. Шариятыбыз буга кандай жооп берет. Чындап эле коомчулукта көп учурап турган абал. Балким жообу көпчүлүккө керек болоор, деп бул жакка жооп жазууну туура көрдүм.
ЖООП: Бисмиллахир Рохманир Рохим. Мухаммад ибн Муфлих Макдисий “Ал-адабуш-шаръийя” аттуу китебинде төмөнкүдөй сөз айткан: “Аялын талак кылууда ата-энеге итаат кылуу важиб болбойт. Эгер ата-энеси ага аялын талак кылууну буюрса, аны аткарбайт”.
وَعَنِ ابْنِ عُمَرَ ـ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا ـ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَبْغَضُ الْحَلَالِ إِلَى اللهِ اَلطَّلَاقُ ـ رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ, وَابْنُ مَاجَه, وَصَحَّحَهُ الْحَاكِمُ,
Ибну Умардан (разияллоху анхума) риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Аллах Таала үчүн адал болгон нерселердин эң жийиркеничтүүсү бул талак”, деп айтты”. (Имам Абу Давуд жана Имам Ибну Маажа риваяты).
Талак адалбы?, деген суроо туулуусу мүмкүн. Мунун мааниси бир никедеги аял менен эркек ажырашууга олуттуу кажет болсо шариятта талак айтуу адал. Тагыраак айтканда талак айтууга уруксат. Мына ушундай уруксат берилген нерселердин Аллах Таала үчүн эң эле жийиркеничтүүсү бул талак болуп саналат. Фикх китептерибизде, эгер адам аялына талакты Аллах Тааланын каалоосуна шарт кылып айтса, маселен “Эгер Аллах Таала кааласа сен талаксың”, десе талак түшпөйт, деп айтылат. Себеби эч качан Аллах Таала талакты каалабайт.
رَوَاهُ الْإِمَامُ أَحْمَدُ فِي ( مُسْنَدِهِ )، وَرَوَى الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ مِنْ حَدِيثِ عَلِيٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: « لَا طَاعَةَ لِبَشَرٍ فِي مَعْصِيَةِ اللهِ، إِنَّمَا الطَّاعَةُ فِي الْمَعْرُوفِ »
Азирети Алиден (разияллоху) риваят: “Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Аллах Таалага күнөөкөр боло турган нерселерде адамзатка итаат кылынбайт. Аларга итаат кылуу маъруф – жакшылык иштерде гана болот”, деп айтты”. (Имам Ахмад, Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)
Демек жогорку хадистерден тыянак чыгара турган болсок, талак Аллах Таалага жакпаган нерсе. Аны жөнү жок эле айткан адам Аллах Таалага күнөөкөр болот. Ошондой эле талакты бир адамдын ыраазылыгы үчүн айтылса да айткан адам Аллах Таалага күнөөкөр болот.
Адамдар тарабынан Хасан Басрийге (рахматуллохи алайхи): «Бир адамдын апасы: «Аялыңды талак кыласың», деп туруп алса, эмне кылат?» деп суралган экен. Ошондо Хасан Басрий (рахматуллохи алайхи): «Аялын талак кылуу энесине карата жакшылык иштерден эмес”, деп жооп берген. Тагыраак айтканда, бир адамдын апасы “Аялыңды талак кыласың” деп туруп алса талак кылуу керек эмес, апасынын мындай талабы туура эмес. Бул маселеде энеге итаат кылынбайт. Себеби шариятта ата-энеге жалаң маъруф — жакшы амалдарда итаат кылынат. Аны (талак кылууну) аткарбаса, баласы күнөөкөр болбойт, дегени.
«Бир киши имам Ахмаддан (рахимахуллах): «Атам мени аялымды талак кылууга буюруп жатат. Эмне кылсам болот?» – деп сурайт. «Аны талак кылба!» – деди. «Азирети Умар (разияллоху анху) уулу Абдуллага аялын талак кылууга буюрган эмес беле?» – деди ал. Ошондо «Атаң Умардай (разияллоху анху) болгондо, сен да аткарасың», – деди Ахмад ибн Ханбал. Тагыраак айтканда, «Атаң Азирети Умарга окшоп, акыйкат жана адилеттүүлүктү, нафсты ээрчибестикти биле турган даражага жетмейинче аялыңды талак кылба», делинип жатат (“Мавсуъа Фикхийя”. 8-том, 71–72-беттер)
Дал ушундай маанидеги сөз кызын мажбурлап, ажыратып алууга урунган ата-энелерге да тийиштүү. Шарияттын өкүмү мына ушундай болгондуктан ата-энелер ынсап кылуусу жана өз перзенттеринин үй-бүлөсүн бузууну өзүнө эп көрбөөсү керек. Валлоху Аълам.
Даярдаган: АКнын төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев