Пайгамбарыбызды (САВ) коргогон иттин окуясы

Насранийлер (христяндар) моңгол урууларын насраний динине киргизүү үчүн дааватчыларын жиберип турчу. Залим Хулагухан өзүнүн насраний аялы Зафар айым себептүү аларга (насранийлерге) даават жолун ачып берген. Күндөрдүн биринде моңгол амирлеринен бири насранийликти кабыл кылган себептүү уюштурулган чоң салтанатка алардын (насранийлердин) жетекчилеринин бир тобу келди. Насраний дааватчыларынан бири Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) акаарат кылып сөгө баштады. Ал жерде уучу ит байлануу турган. Насраний дааватчы Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) акаарат кыла баштаганда ит катуу тынчсызданып, үрө баштайт. Соң христянга жулунуп, аны тырмагы менен аймап алды. Кыйынчылык менен аны куткарып калышты. Ал жердегилердин бири:
«Иттин мындай кылуусу Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) жөнүндө айткан сөзү үчүн болду», деди. Христян:
«Жок, бул ит кайсар экен. Колуму көтөрүп, түшүрүп сүйлөп жатканымдан мени урат деп ойлоду, ошондуктан мага кол салды», деди.
Андан кийин дагы Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) бетер сөгө баштаганда, ит катуу жулкунуп мойнундагы тасмасын үзүп алды да христяндын тамагын тиштеп жулуп алды. Ал ошол замат өлдү. Мунун себебинен кырк миңден ашуун моңгол исламды кабыл кылды.
Бул окуяны Аллаама ибн Хажар Аскаланий «Ад-Дурарул камина» аттуу китебинде келтирген.

Аллоху акбар! Жаныбарлар да Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) акаарат кылынуусун көтөрө албайт экен!!!

Ооба, Пайгамбарыбызды (соллаллоху алайхи ва саллам) маскара кылгандар мына ушундай аянычтуу өлүм табышат. Төмөнкү аяттар сөзүбүздүн тастыгы:

إِنَّا كَفَيْنَاكَ الْمُسْتَهْزِئِينَ

Акыйкатта, Биз сени шылдыңдоолордон коргойбуз. («Хижр» сүрөсү 95-аят)

أَلَيْسَ اللَّـهُ بِكَافٍ عَبْدَهُۖ …

Аллах пендесине (Мухаммадга аны коргоого) Жетиштүү эмеспи? … («Зумар» сүрөсү, 36-аят)

إِنَّ شَانِئَكَ هُوَ الْأَبْتَرُ

Ырасында, сени капаланткан-өзү шордуу. («Кавсар» сүрөсү, 3-аят)

إِنَّ الَّذِينَ يُؤْذُونَ اللَّـهَ وَرَسُولَهُ لَعَنَهُمُ اللَّـهُ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَأَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا مُّهِينًا

Акыйкатта, Аллах менен Анын элчисине ызаа бергендерди Аллах бул дүйнөдө жана акыретте каргыштайт. Аларга кор кылуучу азап даярдап койгон. («Ал-Ахзаб» сүрөсү 57-аят)

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال : قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : ( إن الله تعالى قال : من عادى لي وليا فقد آذنته بالحرب ،… رواه البخاري

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): «Албетте Аллах Таала айтат: «Ким менин досума душмандык кылса, мен ага уруш жарыялаймын…», деп айтты». Имам Бухарий риваяты.

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ، قَالَ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ـ صلى الله عليه وسلم ـ ‏ «‏ لاَ يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى أَكُونَ أَحَبَّ إِلَيْهِ مِنْ وَلَدِهِ وَوَالِدِهِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ ‏»‏ ‏.‏ رواه البخاري

Анастан (разияллоху анху) риваят: «Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): «Силерден эч ким мен ага өз ата-энесинен, перзенттеринен жана жалпы инсандардан көрө сүйүктүүрөк болмоюнча толук момун боло албайт», деп айтты». Имам Бухарий риваяты.

ХАСБУНАЛЛОХУ ВА НИЪМАЛ ВАКИЙЛ!

Аллахтын Өзү бардык нерсеге жетиштүү. Өзүнүн динин жана сүйүктүү пайгамбарын татыктуу коргоп алат.

Даярдаган: АКнын төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев