КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Балдар-биздин келечегибиз болсо, билим-бизди караңгылыктан жарыкка чыгаруучу шам чырак

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен  Москва шаарында окуп жаткан окуучулар арасында «Китеп-билим булагы» аталышындагы конкурс өттү. Конкурстун алкагында бир катар китептерден жарыш   өтүп, жеңүүчүлөр белектер менен сыйланышты. Муну менен катар  ден соолукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө  максатында футбол оюну уюштурулуп, катышуучуларга атайын сыйлыктар тапшырылды.

«Балдар-биздин келечегибиз болсо, билим-бизди караңгылыктан жарыкка чыгаруучу шам чырак. Андыктан биз мекенинен алыс жүргөн окуучуларга жакшы көңүл буруп, алардын ынтымагын бекемдөө аракетин көрүүдөбүз»,-деди  КМДБнын Орусиядагы өкүлү.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев бүгүн, 24-ноябрда Москва облусундагы Озёр шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулугу, мекенди сүйүү, терс диний агымдардан оолак болуу, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын боюнча баяндама жасап, Озёр шаарындагы мекендештерибизди биримдикке, ынтымакка жана илим алууга чакырды.