Ислам маданияты

Ислам маданияты Ислам ааламына жана мусулмандарга тийиштүү болгон өсүп-өнүгүүнүн бардык көрүнүштөрүн өз ичине камтып турат.  Ал мусулмандардын бардык чөйрөдөгү милдеттерин жана жоопкерчиликтерин ачыктап берген. Ошондуктан Ислам маданияты изилдеп үйрөнүүгө татыктуу болгон илим болуп эсептелет.

Ислам маданияты шарияттын негиздерине жана үммөттүн реалдуу жашоосуна негизделип, ал башка элдердин маданияттарына өзүнүн оң таасирин ар тараптуу тийгизген.   

Өз убагында Ислам маданияты Ислам мамлекеттери үчүн  Ислам динин ийгиликтүү таратууда чоң роль ойногон.  Ошондуктан Ислам маданияты мусулмандардын жашоосунда чоң мааниге ээ. Анын таасири жана маанилүүлүгү жашоонун бир тарабы менен гана чектелип калбастан, тескерисинче жашоонун бардык талаптарына толо кандуу жооп бере ала турган маданият болуп эсептелет.

Ислам маданияты жүрөктөргө тынчтык жана бейпилдик алып келүүчү Ислам таалимдери аркылуу мусулмандардын руханий жактан өсүүсүнө да өзгөчө маани берет. Ислам дини улук дин. Ал дайыма адамзаттын жан-дүйнөсүн байытууга жана аны шыктандырып турууга умтулат. Бул инсанияттын жашоосуна байланыштуу ар бир Куран аятында жана хадистерде ачык-айкын көрүнүп турат. Бул эки нерсе адамзат үчүн бул жашоодо тынчтыкка, бейпилдикке жана руханий байлыкка туура жетүү жолдорун көрсөтүп кеткен. Ислам цивилизациясы ар бир заманга жана жерге жарактуу цивилизация болуп эсептелет.    

         Ошондой эле Ислам маданияты адамзаттын башынан өткөн мурдагы тарыхка көңүл бурууга, аны үйрөнүүгө, андагы өсүүлөр менен төмөндөөлөргө жана ийгиликтер менен ката-кемчилдиктерге көңүл бурууга үндөйт. Алардан  сабак алып өзүбүзгө жаркын келечек куруу жана аны өсүп-өнүктүрүүгө да терең маани берет.  Анткени адамзат мындан ары ката кетирбегенге аракет кылышы керек.

         Ислам маданияты мусулман адамдын ыйман, ибадат, мамиле, кулк-мүнөз, илим-билим, туура жашоо сыяктуу жашоонун ар бир жагынан өнүккөн инсан болуусуна да маани берген маданият. Ислам дини адам баласына жашоодо ишке ашырып жашашы үчүн керек болгон жашоо принциптери менен ага пайда же зыян алып келүүчү эрежелерди толугу менен көрсөтүп кеткен. Ошондуктан мусулман адам баа жеткис ийгиликке жетип, тарыхта аты калган мусулман жолбашчыларынын өмүр-баянын да терең үйрөнүүгө милдеттүү. Тилекке каршы, бугункү күндө көптөгөн мусулмандар бул нерсеге да, шарият мыйзамдарына да маани бербей жатышат.  Эгерде алардан үлгү алып жашаганыбызда, сөзсүз Ислам маданияты көздөгөн чоң ийгиликтерге жетмекпиз.     

Адам баласы адамдарга жана айлана-чөйрөгө туура мамиледе болуусу үчүн ал алгач Алла Таала жөнүндө, андан соң адамзат жөнүндө, азыркы аалам жана эки дүйнө жашоосу жөнүндө туура түшүнүккө ээ болушу керек. Ошондой эле ал алардын ортосундагы өз ара кылдат байланыштарды да билүүгө милдеттүү. 

Илим алуучу ар бир мусулман Ислам динине, анын акыйдасына, шариятына, исламий жашоо жана өнүгүү мыйзамдарына тийиштүү илимдерди туура үйрөнүүгө тийиш. Бул Ислам дини адамзат үчүн ар бир заманга жана ар бир жерге жарактуу дин экенине толук ишенүү менен гана ишке ашат. Мындан мусулман адам дүйнөдө тарап жаткан ар түрдүү туура эмес көз караштагы агымдардан сак болууга мүмкүнчүлүк табат.     

Мусулман адам адегенде өзүнүн улуттук, коомдук же жердешчилик сыяктуу кызыкчылыктарын эмес, балким Ислам дининин кызыкчылыктарын карманууда руханий жактан күчтүү болууга тийиштүү. Диндин пайдасын баарынан жогору коюшу керек. Мусулмандын ар бир кылган иши бир гана Алланын ыраазычылыгын, Анын пайгамбарынын (Ага Алаанын салават саламдары болсун) жолун жана мусулмандардын кызыкчылыгын көздөгөн болуп, Ыйык Курандын жана сүннөттүн чектеп койгон чегинен чыкпашы зарыл. 

Биз мусулмандын жүрөгүнө Ислам дини жөнүндөгү толук түшүнүктөрдү жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мусулман адам диндин бир тарабын гана карманып, калганын таштап коюусу коомчулукка көйгөй алып келүүчү факторлордун бири. Биз мындан арылбасак, аягы жакшы жыйынтыкка алып келбейт. Диндин парздарын жана ыймандын шарттарын туура кармануу менен бирге жашообуздагы саясый, коомдук, экономикалык көз караштарга да маани беришибиз керек.   

Ислам маданияты адамзаттын ички дүйнөсүн талкалоочу жана аны таптакыр тетири нукка буруп салуучу азыркы замандагы батыштын терс соккуларынан сактайт.

Мусулман адам Ислам таалимдерин ишке ашыруу аркылуу жана өзүнүн адеп-ахлагы, журум-туруму жана мамилеси менен Ислам дининин жашоодогу эң керектүү практикалык дин экенин далилдей алат.     

Ислам дини адам баласын эки дүйнөдө бактылуулукка  жеткирүүчү ортолук жолду карманган эң туура дин болуп эсептелет. Ислам маданияты мурда да, азыр да, мындан кийин да өзүнүн мыктылыгын далилдеп кете берет. Ошондуктан бул дин дүйнөнүн бардык бурчуна чейин бекеринен кеңири тараган эмес болсо керек?!.. 

Даярдаган: Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев