Базар-Коргон районундагы “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинин дааратканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан «Ак-Тайлак ата» борбордук мечитинин дааратканасы капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, райондук хатибият тарабынан демилге көтөрүлүп, жергиликтүү жамааттан колдоо таап ремонт иштери аягына чыккан. Жалпысынан оңдоп-түзөө иштерине 400 000 ашуун каражат сарпталган.

“Жергиликтүү  жамааттын демөөрчүлүгү астында дааратканабыз жылуу суу, ыңгайлуу шарт менен камсыздалып, замандын талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өттү. Буга салым кошкон бардык мекендештерибизге  ыраазычылык билдиребиз. Буюрса мечитибиз кышка карата толугу менен даяр”,-деди баш имам хатиб.