Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы баш имам хатибтерге жыйын өткөрдү


Кечээ, 23-ноябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Чүй облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери жана облустагы баш имам хатибтердин катышуусунда кезектеги көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйын Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун жетекчилигинде өтүп, ар бир райондун баш имам хатибтери райондогу диний кырдаал боюнча тиешелүү отчетторун тапшырышты.

Иш-чара алкагында суроо-жооп, ар кандай ой-пикир жана сунуштар айтылып, кийинки көчмө жыйынга төмөнкү иштер боюнча имам хатибтерге тапшырмалар берилди:

1) Жума баяндарда элди ынтымак-биримдикке үндөө;
2) Ар бир имам санитардык талаптарды так сакталуусун бекем көзөмөлдөп, элге түшүндүрүү;
3) Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ар дайым дуба кылып, учурда окулуп жаткан Куран-Хатмды токтотпостон жума сайын казыятка отчет берүү;
4) Ар бир имамдын өздүк документтерин бекемдөө;
5) Мечиттердин иш-кагаздарын жөнгө салуу;
6) Мечитке келгендерге жакшы шарт түзүп берүү, мечиттин жылуулугун, ысык суусун үзгүлтүккө учуратпоо.

Өз сөзүндө Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жогоруда белгиленген иштер боюнча ар бир имам хатиб менен иш алып баруу жана буйруктун аткарылуусун көзөмөлдөөнү казынын орун басары Жоомарт ажы Абдырахманов жана казыяттын иш башкармасы Кубан ажы Бекешовго тапшырды.

«Жогорудагы буйруктар так аткарылуусу үчүн хатибият жана казыят кызматкерлери ар дайым байланышта болуп, тыгыз иш алып баруулары керек. Кылган ар бир ишибиз алгач Жараткандын ыраазычылыгы үчүн, андан кийин хатибият, казыят жана Муфтияттын ишин алдыга жылдыруу максатта болсун», — деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.

Эске сала кетсек, хатибияттын ишмердүүлүгү менен жеринде танышуу максатта Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов ай сайын ар бир хатибиятта көчмө жыйын өткөзүп келет. Бул да болсо имам хатибтердин тажрыйба алмашуусу, кызматын жогорулатууга болгон натыйжалуу кадамдар.