Диндер аралык мамиле

Кыргыз Республикасы эгемендүү болгондон кийин динге болгон кызыгуу артып, өлкөдө диний уюмдар көбөйүп, көп конфессиялуу коом түзүлдү. Кыргызстанда көп кылымдан бери тарыхый жактан  бекемделип,  кыргыз  мамлекеттүүлүгүнүн  түзүлүшүндө белгилүү  ролду ойногон, тамыры терең мааниге ээ болуп келген жана азыркы учурда да жарандардын көпчүлүгү карманып келген Ислам дини  жана ошондой православ дини  бар. Исламдын жана православиянин коомду бириктирүүчү ролунун негизинде Кыргызстандын аймагында  жашаган элдердин улуттук маданияттарынын уникалдуу биримдиги жана көп тараптуулугу сакталып кале жатат. Борбордук Азия элдери салттуу түрдө тутунган ханафий мазхабы өзүнүн диний сабырдуулукту тутунгандыгынын натыйжасында ислам баалуулуктарын улуттук салттарга жана каадаларга карама-каршы койбогондугу, мамлекет менен өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн идеологиялык негизге ээ болгондугу менен исламдын башка мазхабдарынан жана агымдарынан айырмаланып турат. Коммунисттик  мезгилде атеисттик үгүттөө жүрүп турган учурда да, салттуу ислам, ханафий мазхабы мамлекет менен ачыктан- ачык чыр-чатагы жок өнүгүүгө мүмкүндүк берген.

Ислам  жана Христианчылыктын кызматташуусунун тарыхый басып өткөн жолуна көз чаптырсак, алар ар түрдүү учурларды башынан өткөргөнү көрүнүп турат. Алар өз ара бири-бирин урматтоо менен плюрализм принциптерин дайыма колдоп, тынчтыкта бирге жашоодон баштап  карама-каршы туруу учурларына чейинки окуяларды баштан өткөргөн. Ислам жана православиянын көп жылдардан берки  кызматташуусу көчмөн жана туруктуу жашаган калктардын ынтымакта жана цивилизациялык аймактын өнүгүшүнө да шарт түздү.  Ушул  мезгилге чейин динди ар түрдүү чемелеп түшүндүргөндөрдүн себебинен Исламдын да Христианчылыктын да ички конфессиялык бөлүнүүлөрүнө дуушар болду. Бирок ага карабастан бул эки дин биздин чөлкөмдө элдин коомдук жана маданий жашоосунун өнүгүшүндө негизги ролдо болуп келүүдө.

            Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук системанын демократияга өтүү процесси республикада диндердин табигый өнүгүүсүнө шарт түздү. Динге болгон  көз караштар өзгөрүп, дин тутууну эркин тандоого, өз динин эркин таратууга мүмкүнчүлүктөр ачылды.  Диний уюмдардын  абройунун өсүшүнө жана коомчулуктун алдында ишенимдин, жоопкерчиликтин жогорулашына алып келди. Диний уюмдар коомдун диний, руханий караңгылыктан чыгарууга жардам берип, элдин руханий жактан өнүгүүгө үмүтүн жогорулатты. Натыйжада динге ишенгендердин саны өстү, сыйынуучу жайлардын саны көбөйдү, жаңы диний уюмдар жана бирикмелер пайда болду.

 Кыргызстанда динге ишенгендердин көпчүлүк бөлүгү эки конфессиянын өкүлдөрү болуп эсептелет. Биринчиси  ахли сүннөт, ханафий мазхабын карманган Ислам динин тутунгандар. Экинчиси православ христианчылыгын тутунгандар. Ошондой эле христиандык жана исламдык багыттагы диндерден башка диний конфессиялар жана башка диний уюмдар да каттоодон өткөн.

Дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин өлкөдө да динге болгон кызыгуунун артышы жана радикалдык, экстремисттик агымдардын жандануусу диндер аралык мамилеге жана мамлекет менен диндердин ортосундагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурууга түрткү болду. Анткени бул тенденциялар диний маселелерди саясатташтырууга, диндер аралык чыр-чатактын өсүшүнө ошондой эле өлкөнүн улуттук жана коомдук коопсуздугуна коркунучу пайда болоду.

      Кыргызстанда мамлекет менен диний уюмдардын өз  ара  байланышынын өнүгүшүн мамлекеттик жөнгө салуу тенденциясын караганда алардын ишмердүүлүгү бир канча  нормативдик укуктук базалар менен бекемделген.

             Биринчи  — Кыргыз  Республикасынын  1991-жылдын 16-декабрындагы  «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынышы.  Дин тутуу эркиндиги биринчи жолу  мыйзам  түрүндө жарыяланып жана бекемделген.

            Экинчи  — дин уюмдарына жана динге карата мамлекеттик  саясаттын нормативдик укуктук базасынын түзүлүшү.  1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы.

            Үчүнчү  — Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 14-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын жарандарынын абийир эркиндигинин жана  дин тутуу  эркиндигинин укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө» Жарлыгынын кабыл алынышы.

            Төртүнчү — диний кырдаалдын  өзгөрүшү менен мамлекеттик-конфессиялык мамилени жаңы,  сапаттуураак деңгээлге көтөрүүгө өтө зарылдык пайда болгондуктан, 2006-жылы биринчи жолу  Кыргызстанда  Диний  уюмдар  менен байланыш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын концепциясы  кабыл алынган. [1]

Бешинчи — Кыргыз Республикасынын Президентинин  2014-жылдагы №-203 жарлыгы менен  бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган.[2]

            Бул нормативдик укуктук базалар мамлекеттик бийлик органдарынын диний  уюмдар  менен мамилесин нормативдик, укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын  тең  салмагын  камсыздоого, адамдын дин тутуу жана ишенимин билдирүү укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына шарт түзүп келүүдө десек болот.

             Бул мамлекеттик нормативдик, укуктук жөнгө салуу аракети диндердин  ортосундагы диалогду бекемдөөгө,  коомду абийирдик жана руханий жактан тарбиялоодо мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө, толеранттуулук жана диний сабырдуулукту  калыптандырууга,    диний    экстремизмдин,    фундаментализмдин көрүнүштөрүнө жана диний бузуку агымдарга каршы чараларды иштеп чыгууга жана бөгөт коюуга толук негиз болуп келүүдө.   

2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясында диний уюмдар социалдык, илимий, агартуу, маданий жана башка ишмердүүлүк жаатында өз алдынча да, ошондой эле башка диний уюмдар менен да бирдикте кызматташа алышат деп баса белгилеген.

 Бул маселени диний тараптан караганда дагы өз ар тынчтыкта адилеттүү мамиледе болуусу тууралу айтылган. Мисалы Ислам дининде християндар (китеп ээлери) менен  өз ара сый жана адилетүү мамиле кылууга жана жакшы коңушулукта болуу  тууралу айтылган. Кереметтүү Куранда “«Алла  Таала  диниңер  үчүн  силер  менен согушпагандарга  жана  мекениңерден  кууп  чыкпагандарга жакшылык  кылууңарга   жана  аларга  адилеттүү  болууңарга тыюу салбайт. Акыйкатта, Алла адилеттүүлөрдү сүйөт»-деп айткан. Дагы бир аятта “Эй адамдар! Биз силерди эркек ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири бириңерди  таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук ….”- деп айткан. (49;03)

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялай электе диний уюмдардын ишмердүүлүгү чектүү болгон. Бул жөнүндө  Мырзабаева Нуржамал Сасалимовна өзүнүн диссертациялык ишинде мындай деп жазган: «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялай электе диний уюмдар коомдун жашоосуна кандайдыр бир таасир берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыраган болчу. Социалисттик түзүлүш учурунда динге – «элдин апийимине», «эскичилик калдыктарына» орун жок болчу. Диний уюмдар калктын диний керектөөлөрүн канааттандыруу менен гана иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса, алардын идеологиялык ишмердүүлүгү КПССтин саясатын жана совет мамлекетин үгүттөөгө такалган».

Изилдөөдө белгилүү болгондой өз ишин жүргүзгөн аз сандуу мечиттер жана храмдар атеисттик пропаганданын эбегейсиз басымынын алдында болгон.

-диний майрамдарды жана салттарды өткөрүүгө чектөөлөр болгон;

-диний окуу жайлар, диний күнүмдүк жарыяланган басылмалар жана адабият болгон эмес, чет элдик адабиятты алып кирүүгө тыюу салынган;

 -диний маселелери боюнча чет элдик атуулдардын республикага келүүсү мүмкүн эмес болгон;

— Меккеге ажылык кылууга өтө чектелген сандагы адамдар бара алган;   -Чет элдик диний окуу жайларда бир нече эле адам окуган;

-Диний билим алууга чектөөлөр болгондуктан, көптөгөн динге ишенгендер Орто Азия территориясындагы мыйзамсыз ислам мектептеринде билим алышкан. [3]

Ошондуктан диний уюмдардын динйи ишмердүүлүгү жана башка конфессиялар менен кызматтаашуусу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнөн кийин кеңири жана эркин башталгандыгын айтсак болот.

Диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсү 2014-жылга чейин азыраак деңгээлде болсо, 2014-жылдан кийин өз ара кызматташуунун өнүгүп келе жатканы байкалат. Буга далил катары 2014-жылдагы кабыл алынган концепциядагы мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалог, социалдык өнөктөштүк, конфессиялар ортосундагы ынтымак, толеранттуулук жана диний сабырдуулук, сыяктуу максаттарга жетүүдө диний уюмдардын ар тараптуу кызматташып келе жатканын айта кетсек болот. Анын ичинен ислам жана православ конфессияларынын бир канча багытта бирге иш алып барганын байкоого болот.

2017- жылы конфессиялар аралык диалогду орнотуу максатында ДИМКтин жетекчилиги алдында конфессиялар аралык кеңеш түзүлдү. Ушул эле кеңештин алкагында көптөгөн иш чаралар болуп өттү.  

2018-жылдын июль айынан тартып октябрь айына чейин өлкөбүздүн жети облусунда “Кыргызстандагы конфессия аралык диалогду өнүктүрүү жана анын азыркы абалы” деген форумдар болуп өттү[4]. Андан тышкары Аймактарда өткөрүлгөн форумдардагы сунуш-пикирлер эске алынып, 2018-жылдын 5-декабрында жыйынтыктоочу республикалык форум өткөзүлдү.[5]  Форумга муфтияттын, казыяттын, орус-православ, рим-католиктик чиркөөлөрүнүн, иудаисттер коомунун, буддизм жана башка конфессиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эксперттер катышты.

Форумда дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Зайырбек Эргешов, «диний уюмдардын  жергиликтүү өкүлчүлүктөрү жер жерлерде  бири-бири менен өз ара алака жасай башташты. Диний уюмдардын аймактардагы өкүлдөрү бир катар пикир келишпөөчүлүктөрдү алдын алып, өз ара чечүүгө жетише алышты. Мисалы Майлы-Сууда християн дининдеги аялды жерге берүүдө диний уюмдардын өкүлдөрү бул маселеге жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн аралаштырышпай эле өз ара чечип алышты», – деп айтты.  

2019-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы конфессиялар аралык өз ара мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө максатында диний уюмдардын катышуусунда Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы эс алуу багына көчөттөрдү отургузуп, айланасын тазалап, ишембилик өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын мобилизациялоодо шаардагы санитардык абалды жашылдандырып, өлкөдөгү аймактарды тазалап, өнүгүүгө салым кошуу болгон.[6]

2017-жылдын 22-июнунда Орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл менен Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жолугушуп, эки тараптын маданий баалуулуктар, ислам менен христианчылыктын ортосунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ошондой эле тынчтыкты жана биримдикти  сактоо жана өнүктүрүү боюнча  маселелер талкууланды. Патриарх Кирилл Кыргызстандын Муфтийине православ коомуна ак көнүл жакшы мамиле кылгандыгына ыраазычылык билдирди. Азирети Муфтий патриарх Кириллге Кыргызстанга келгенине ыраазычылык билдирди [7].

Жогорудагы анализ көрсөткөндөй диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсү көзгө көрүнөөрлүк денгээлде жүрүп жатканы көрүнүп турат. Бирок бул конфессиялар аралык чыр-чатактар бүттү дегендик эмес, албетте коомдо дагы чечиле турган көптөгөн маселелер бар. Келечекте диний уюмдардын биргелешип  калктын рухий жана адеп-ахлактык дүйнөсүн байытуу, конфессия аралык ынтымакты орнотуу, толеранттуулук жана диний сабырдуулук жаатында кызматташуусу зарыл. Анткени, коомчулукта ар турдүү өңүттөгү диний уюмдардын ортосундагы чыр чатактардын болуп жатканы ушул кызматташуунун зарылдыгын айгинелеп турат. 

Чыр-чатактардын дагы бир булагы — өз динин алмаштырган адамдар кайтыш болгондо, аларды жерге берүү менен байланышкан тоскоолдуктар.  Кээ бир диний уюмдар динин алмаштырган адамдарга өз дининин нормаларын сактабастан, башка диндин нормаларын өздөрүнө өткөрүп алышы. Мисалы, жахабынын күбөлөрү өз динин алмаштырган адам каза болгондон кийин аны Жахаба дининин жөрөлгөлөрү менен көмбөстөн мусулманчлыктын жөрөлгөлөрү менен мусулман мүрзөлөрүнө көмүү аракети болуп жатат. Бул өз кезегинде жергиликтүү мусулман коомчулугун кыжырлантып, чыр чатактын чыгышына себеп болууда. Кээ бир учурларда маркумдун сөөгүн казып таштоо фактылары да катталды. Мисалы  2016-жылдын октябрь айында Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургундары менен жергиликтүү калк христиан дининин баптист өкүлү болгондугу үчүн мусулман көрүстөнүнө жай бербей коюшкан.[8]

Бул көйгөлөрдү жоюуда Ислам жана Христианчылыктын кызматташуусунун алгачкы кадамдар ташталды десек болот.  Мамлекеттик органдар диний уюмдардын катышуусунда, жер жерлерде түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүлдү. Мисал катары ДИМК жана жергиликтүү акимчилик жана ИИМ дин кызматкерлери жана исламдын жана православиенин өкүлдөрү чыр чатак болгон Токтогул, Ала-Бука ж.б райондордо элге түшүндүрүү иштери жүргүздү.

 Андан тышкары кызматташтыктын алкагында маркумду ызаты менен көмүү көйгөдү чечүү максатында Кыргызстан мусулмандар дин башкармасы жана Орус православ чиркөөсүнүн Бишкек жана Кыргызстан епархиясы менен биргеликте «Ар бир адамдын ызаат менен жерге берилүү укугу» аттуу колдонмо иштеп чыгып, элге түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган колдонмодо көрүстөнгө көмүүдө тоскоолдуктар изилденип, көрүстөндөрдү сектордук бөлүштүрүү маселеси каралды. Мисалы, мусулмандар менен христиандар көрүстөндөрүн тосмолору, өзүнчө кире турган жери менен курулуп, кандайдыр бир жол, бак-дарактар же арык аркылуу ажыратылып турат»-деп белгиленген. Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндү туура жайгаштыруунун жана көйгөйлөрдүн келип чыгуусуна жол бербөөнүн жакшы мисалы. Ал бир жыл мурун Чүй областынын Аламүдүн районунда ачылып, учурда 44 га аянтты ээлейт. Көрүстөн христиандар, мусулмандар жана башка конфессиялардын өкүлдөрү үчүн бөлүнгөн төрт сектордон турат.[9] 

Чыр-чатактардын дагы бир булагы — Коомчулуктун нааразычылыгын туудурган мыйзамсыз прозелитизм көйгөйү. Диний уюмдардын жана кээ бир адамдардын мамлекеттик каттоодон өтпөстөн же мыйзамсыз аракеттердин негизинде конфессиялар ортосунда пикир келишпестиктер келип чыгып, укук коргоо органдарынын кийилигишүүсү менен жөнгө салынган учурлар кездешүүдө.[10]  Бул көйгөдү чечүү үчүн конфессиялар ортосундагы диалогду күчөтүү зарыл.  Жарандарга толеранттуулукту жана диний сабырдуулукту жеткизүү жана мыйзамсыз прозелитизмге жол бербөө жаатында кызматташууну күчөтүү керек.

            Диний уюмдардын перспективасы катары бир канча пикирди айткым келет. Эң алгач бардык диний уюмдар Кыргыз Республикасынын Президентинин  2014-жылдагы № 203 жарлыгы менен  бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында кызматташууну улантууга тийиш. Кыргызстандагы диний уюмдар мамлекттин тынчтыгына жана диний стабилдүүлүгүнө салым кошууга аракет кылыш керек.

            Коомдогу ар түрдүү терс пикирлерди жана келишпестиктерди жок кылып, элдин бири бирине жакындата тураган маданий жана спорттук биргелешкен иш чараларды өкткөрүү. Калктын аярлуу, муктаж катмарына дайыма социялдык жактан колдоо көрсөтүп, кайрымдуулуктарды көбөйтүү.  

            Ислам жана христиан диндери дүйнөдө динди ээрчигендердин саны боюнча эң ирилери болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин, дээрлик бардык өлкөлөрдө, Мусулмандар менен Христиандар жанаша кошңушулукта, тынчтыкта жашап келе жатышат. Алар диндер аралык мамилелерден баштап,  жакшы жыргал жашоо-турмушка жетишүүгө чейинки маселелерде  бири бирине  көз каранды. Ушуга байланыштуу ислам жана православ диндери өзүнүн жолдоочуларына, анын жолдоочуларын милдеттерин  түшүндүү керек. Диний толеранттуулук жана диний сабырдуулукту  калыптандырууга,    диний    экстремизмдин,    фундаментализмдин көрүнүштөрүнө мамлекеттик органдар менен бирге күрөштү дайыма алып баруу максатка жетектейт деп ойлом.

 Даярдаган:  КМДБнын Аппарат жетекчиси Эратов Равшан Ташболотович

 Колдонулган булактар:

-Кыргыз Республикасынын конситутциясы 2010-жылдын 27-июнунда Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды.

-Кыргыз Республикасынын Президентинин  2014-жылдагы № 203 жарлыгы менен  бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы.

-ДИМК тин «Ислам азыркы светтик мамлекетте» эл аралык конференциясынын баяндамалар жыйнагы (Бишкек ш. 28-29 сентябрь 2017ж)

-ДИМК тин «Ислам азыркы светтик мамлекетте»  II-эл аралык конференциясынын баяндамалар жыйнагы (Бишкек ш. 15-16-ноябрь 2018ж)

-ДИМК тин расмий сайты  religion.gov.kg

-«Экстремизмге каршы күрөшүүдөгү учурдагы мамлекет: кооптуу маселелер жана чечимдер Кыргызстандын мисалында»: Усулдук китепче. — Б.: 2017. — 76 б. КР ДИМК

-Мырзабаева Нуржамал Сасалимовнанын Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына талаптанып жазылган диссертациясы       «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СОВЕТ БИЙЛИГИНИН ИСЛАМГА КАРАТА ДИНИЙ САЯСАТЫ»        http://arabaev.kg/dt.kg/uploads/disser%20myrzabaeva.pdf


[1] http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/57409

[2] http://cbd.minjust.gov.kg/act/preview/ky-kg/68294/10?mode=tekst

[3] http://arabaev.kg/dt.kg/uploads/disser%20myrzabaeva.pdf

[4] https://www.azattyk.org/a/29396400.html

[5] https://muftiyat.kg/janylyktar/5079/

[6] http://www.religion.gov.kg/ky/post/300

[7] http://religion.gov.kg/ru/post/168

[8] https://cabar.asia/ru/prozelit-kyrgyzdardyn-tagdyry-sabalgandar-ch-iret-k-m-lg-nd-r-2/

[9] https://cabar.asia/ru/prozelit-kyrgyzdardyn-tagdyry-sabalgandar-ch-iret-k-m-lg-nd-r-2/

[10] https://www.super.kg/article/?article=21613