Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде комитеттер аралык жыйын өтүп, концепциянын долбоору талкууланды

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин комитеттер аралык жыйыны өтүп, анын алкагында 2021-2026-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын долбоору талкууланды. Дин аалымдары концепсиянын долбоорун кылдат каоашып, бир нече багыттар боюнча сунуштарды даярдоо чечимин кабыл алышты.

«Сунуштар жакынкы күндөрү Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жазуу түрүндө берилмекчи»,-деди АКнын катчысы Акылбек Калбеков.

Эске салсак, аталган концепция 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыгып, экинчи беш жылдык баскычына өтүү алдында турат.