Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов жол кырсыктарын алдын алууда Кадамжайдын элине түшүндүрүү иштерин баштады

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Баткен облусунун казсы Пазыл ажы Султанмуратов эл арасында ынтымак, биримдикти бекемдөө, коронавирус илдеттин жайылуусуна жол бербөө, жол кырсыктарын алдын алуу  жана башка багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында иш сапары менен Кадамжай районуна барды.

Облус казысы иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун  Советский айылындагы «Азирети Усман» мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Баткен казыяты тарабынан аткарылып жаткан иштери тууралуу айтып, өлкөдө орун алып жаткан оор кырдаалда ынтымакты сактоого, тартипке баш ийүүгө  чакырды.

«Өлкөбүз   оор мезгилди баштан өткөрүп жатат. Ошондуктан ар бир жаран кайдыгер карабай. Азыркы учурда   кырдаалды турукташтыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүбүз  зарыл. Бардыгынан сабырдуулукту жана өз жарандарына, бир туугандарына урмат көрсөтүүнү, жакындарыбыздын тынчтыгын жана бейпилдигин сактоого жана коргоого аракет кылалы. Дүйнө жүзүнө каптап турган таажы илдети бүтө элек. Андыктан алдын алуу, сактануу максатында эл көп чогулган жерлерде санитардык талаптарды аткарып, ден соолугубузга кам көрөлү. Бул ар бирибиздин милдетибиз”,-деди  Пазыл ажы Султанмуратов.