КМДБнын кызматкерлери кесиптик потенциалын жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүштү

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик потенциалын жогорулатуу максатында атайын 4 күндүк окуудан өтүштү. Окутууга Муфтияттын бөлүм башчылары, кызматкерлер катышты.  

Мындай окутуу КМДБнын Аппараты менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте ишке ашкан.

Тренингде лекторлор кызматкерлердин өзүн-өзү баалоо, медиа сабаттуулук, иш алып баруучулук жөндөмүн арттыруу, коммуникация ж.б. боюнча өтүштү.