Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов айдоочуларга эскертүү берип, аманатка кыянат кылбоого чакырды

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов жалпы унаа айдоочуларына кайрылуу жасап, абдан кылдат болууга чакырып кетти.

Анын айтымында, акыркы кездерде үрөй учурган жол кырсыктары ар бир кыргызстандыктын жүрөк үшүн албай койбойт. Андыктан сак болуу абзел. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:

«Урматтуу мусулмандар! Урматтуу мекендештер! Бир туугандар…Аллах Таала ар бирибизге аманат катары бизге тирүүлүк берди. Башка жаратылган нерселерден айырмалап адам баласына акыл берди. Ал акыл аркылуу бардык жаратылгандардын эң үстүнү кылып жаратты. Биз мусулман катары аманатка эч качан кыянат кылбашыбыз керек. Анткени биз ден соолукту, акылды, күчтү көчөдөн таап алган жокпуз. Аллах бизге белек катары берип жатат. Биз кабарыбыз жок эле бизге көптөгөн жакшылыктар берилди.

Көзүбүз, кулагыбыз жана башка бардык дене мүчөлөрүбүз бизге аманат. Аларды көзүбүздүн карегиндей сактоо биздин милдет болуп саналат. Ошондуктан келиңиздер сак бололу. Аман бололу. Жакындарыбызды үй-бүлөбүздү кайгыга салбайлы. Эң негизгиси өзүбүзгө өзүбүз кыянат кылбайлы.  Мусулман катары, бир тууганыңыздар катары баарыңыздарды сак болууга чакырып кетем.