Манас районунда жергиликтүү айылдын имамына ИИМдин сыйлыгы тапшырылды

Талас облусунун Манас районунун хатибияты имамдардын ноябрь айынын иштеген иштери боюнча отчётторун кабыл алынды. Бул тууралуу Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, ноябрь айынын отчетуна бардык имамдар катышты. Ошондой эле казыят тарабынан берилген “Илимий журнал” китебин ар бир айыл өкмөтүнүн башкы имамдарга тапшырылып берилди.  

Андан соң Көк – Дөбө айылынын имамы Мамырбаев Сүйөркулга  райондук ички иштер бөлүмү тарабынан элди ынтымакка жана биримдикке чакырганы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланды. Аны Миржалал ажы тапшырды.