Бакай Ата кошунда өрттөн жапа чеккен үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы «Бакай Ата» мечитинин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиевдин демилгеси менен Бакай Ата конушундагы өрт кырсыгынан жапаа тарткан жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам берилди.

Жалпысынан жардамдын көлөмү 8500 сомду түздү. Бул жардам берүү мусулмандын белгиси экендигин баса белгилеген Файзулла ажы төмөнкүлөргө токтолду:

«Биздин конушта тилсиз жоодон жабыр тарткан үй-бүлөлөргө колдон келген жардамыбызды көрсөттүк. Бул нерсе балким өтө чоң маселени чечпеши мүмкүн. Бирок биз мусулман катары кыйынчылыкка түшкөн кишиге колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек»,-деди ал.

Мындай иш-чаралар аркылуу жалпы жамаатты биримдикке жана ынтымакка чакыра бермекчи. Конуштун башчысы да бул демилгени колдоого алып, ыраазычылыгын билдирди.