Кара-Суунун Кыш-Абад айылында 350 орундуу жаңы заманбап мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кыш-Абад айылында 350 орундуу Абдулазиз Аль-Филийж атындагы мечиттин ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Раушан кары Жеңишбек уулу, «Абдыжапар» Ислам институтунун мүдүрүнүн орун басары Алтынбек Туйчиев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Мечит араб демөөрчүлөрү тарабынан колдоого алынып, бардык талаптарга жооп берет.

Иш-чара алгач маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев айыл тургундарын жаңы мечити менен куттуктап, ата-энени урматтоого, илим-билим алууга жана мечит куруунун соопторуна токтолду.

«Жаңы мечитиңиздер куттуу, берекелүү болсун. Мечит куруунун сообу эбегейсиз. Биз ишенебиз баарыңыздар кол кабыштырып олтурган жоксуздар. Айрымдарыңыз уста багып жардам көрсөтүшсө, айрымдарыңыз кагаз иштерине чуркадыңыздар. Мечиттин өз максаты руханий байлыкты күчөтүү. Мындан ары ушул мечитте илим-билимге маани берип, жаштарыбызды туура тарбиялообуз кажет. Бул боюнча Ош облустук казыяты болгон иш-аракеттерди жасоодо», — деди Нурбек кары Орунбаев.

Жыйынтыгында мечиттин курулушуна жана мыйзамдаштыруусуна салым кошкон мечиттин имамына Ош облустук мусулмандар казыяты жана Кара-Суу райондук хатибияты тарабынан ыраазычылык баракчасы менен белектер тапшырылды.