Ала-Букада ӨКМдин кызматкерлери имамдарга тилсиз жоону алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан  борбордук «Мухаммад Захид» борбордук мечитинде райондун баш имам хатибинин   сунушу менен райондук ӨКМдин өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Айбек Кушумбетов өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кеңештерин берди.

Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрь күнү  Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМдан келген  адис өрт башталганда алгач эмне келүү керектигин, өрт өчүрүү шаймандарын туура колдонуу эрежелерин түшүндүрүп берди.

“Элибизде өрттү тилсиз жоо деген. Тилсиз жоо менен күрөшүүдө сактык жана тактык эрежелерине көңүл бурушубуз зарыл. Өрттү өчүрүүдөн алдын алуу жеңил деп  адистер белгилегендей, өрттү болтурбоо максатында адистердин кеңештерин угуп, кызматташып жатабыз”,-деди  Шумкарбек ажы.