Караколдо экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жанданды

Каракол шаарынын хатибиятынын өкүлчүлүгү, калаа бийлиги, жергиликтүү билим берүү жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жандантты.

Аталган иш-чара учурдагы эпидемиологиялык абалга ылайык, атайын видео-сабак катары даярдалып, шаардагы 10 мектептин окуучуларына көрсөтүлгөнү турат. Бүгүнкү күндө таалим-тарбия бере турган тасма атайын текшерүүдөн өтүүдө.

Бул профилактикалык иш-чараларды буга чейин мектептерге барып өткөрүп келгенбиз. Тилекке каршы бул жылы коронавирус илдети күчөп кетип, онлайн форматта өткөрүүгө аргасыз болуудабыз. Ага ылайык, өспүрүмдөргө аралыктан окутуу учурунда экстремизм менен терроризм коркунучтары тууралуу  маалымат берип, аны менен бирге чылым чегүү, арак ичүүнүн кесепети, рэкетчилик тууралуу коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн алыс  болууга үндөөнү туура көрдүк. Алдыда аталган демилге дагы да уланат жана видео-сабактар  башка мектептерге да таратылат”, — деди  Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков.