Бишкекте бир айлык «Адам жаны аманат» аттуу иш-чара башталды

Кечээ, 26-ноябрда Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасы менен айдоочуларга «Адам жаны аманат» аталышындагы түшүндүрүү иштери башталды.

Бул иш-чарага шаардагы мечит имамдары жана дин кызматкерлери катышмакчы. Иш-чаранын негизги максаты учурдагы негизги көйгөй болуп саналган жол кырсыгынын алдын алуу болуп эсептелет.

Бир айлык иш-чарада дин кызматкерлери айдоочуларга Аллахты эскертип, унааны башкарууда өтө кылдат болууга чакырат. 

«Биздин бул иш-чаранын алкагында жок дегенде бир киши таасир алып, унаа башкарууда эрежелерди так сактап, жол кырсыгынын алдын алынуусуна себеп боло турган болсо биз максатыбызга жеткен болобуз. Ошондуктан биз ар дайым эскерте беришибиз абзел. Анткени эскертүү мусулмандарга бир гана пайда алып келет»,-деди Замир кары. 

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 25-ноябрда жол кырсыгын алдын алуу максатында иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырма берилген эле.