Жалал-Абад шаарында айдоочуларга жол кырсыгын алдын алуу жумалыгы өткөрүлөт

Кечээ, 26-ноябрь күнү  Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров район-шаарлардын хатибтерине онлайн түрүндө кезектеги жыйынын  өткөрдү.  Жыйынга казыят кызматкерлери жана баш имам хатибтер катышты.

Жыйында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык, жол кырсыгын алдын алуу боюнча жумалык иш-чараны өткөрүү тапшырмасы берилгенин билдирди. Андан сырткары бардык мечиттерде жылуулук, тазалык жана  санитардык сактык эрежелери сакталуусу эскертилди.

“Район-шаарларыбыздын имамдарына жергиликтүү ЖКК кызматкерлери менен кызматташып, алар менен биргеликте айдоочуларга сылык мамиле менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмаларын бердик. Имамдарыбыз кайдыгер карабастан бул иш-чараларды жигердүү өткөрөт деген ишеничтебиз”,-деди облус казысы.