«Келечек» мечитинин имамы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөттү

Бишкек шаарындагы «Келечек» мечитинин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулунун демилгеси менен «Эл аралык майыптар күнүнө» карата ордо калаадагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүлдү.

Бул күнү  «Алтын нар зекет» фондунун колдоосу менен акчалай жана балдарга буюм-тайымдар берилди. Бардык балдардын амандык жана ден соолугу үчүн Куран окулуп, бата кылынды.

«Алтын нар зекет» фондунун колдоосу менен мына бүгүн мынтип балдарга аз болсо да жардам көрсөтүп жатабыз.  Негизинен ар бир балага акчалай түрүндө жана памперстерди бердик. Бул иш-чараны «Майыптарды колдоонун эл аралык күнүнө» карата уюштурдук», — деди Талгатбек ажы.

Эл аралык майыптар күнү 1992-жылдын 14-октябрындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 47/3 резолюциясына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленип келет.