Ысык-Көлдө учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланды

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кичи залында  өкмөттүн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова атайын жыйын өткөрдү. Ага  жергиликтүү казыят менен аймактык хатибияттардын  өкүлдөрү, облустук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөлдөө кызматынан адистер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө учурдагы коронавирус илдетине байланыштуу  эпидемиологиялык абал жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүү боюнча маалыматтар берилди.

“Учурда COVID-19 вирусу өлкө боюнча тездик менен жайылып жатат. Анын ичинде Ысык-Көл облусунда бул оору менен көп катталууда. Статистикалык маалыматтарга ылайык пандемиянын биринчи толкунунан кийин илдетке чалдыккандар  айына 15-20 кишиден гана катталып келсе, ноябрда вирус жугузгандардын саны 500дөн ашты жана дагы көбөйүп жатат. Мындан улам эл көп топтолгон жайларда санитардык эрежелердин сакталышы бүгүнкү күндөгү чоң талап”, — деди Элмира Усенова.

Жыйын учурунда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков бардык мечиттерде санитардык талаптар так сакталганын баса белгиледи.

“Учурда облус аймагындагы бардык эле мечиттерде санитардык эрежелер сактоо менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ал үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн. Аралыктар эске алынууда. Ден соолук ар бир адамга берилген аманат. Айтылган эрежелерди ар бир адам сактаса эле бур оору деле кетет”,— Талант ажы Сабриков.