Ош облусундагы Кара-Суу районунун мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда бир канча маселелер каралды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында Нариман, Кызыл-Кыштак жана Кашкар-Кыштак айыл аймактарынын мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда экстремизм жана терроризмди алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, Матруди акыйдасы менен Ханафий мазхабын жайылтуу маселелери каралды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Нурбек кары Орунбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Фуркатбек Адылбек уулу, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу райондук Санэпидемилогия бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамаев жана мечит имамдары катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Матуриди акыйдасы менен Ханафий мазхабын бекем кармануу зарылчылыгына токтолду.

«Матруди акыйдасы жана Ханафий мазхабынын мусулмандар арасында бекем ынтымакты сактап тургандыгы талашсыз. Матруди акыйдасы Пайгамбарыбыздын акыйдасы бул ишеним кылымдар боюу Жаратканды туура таанууга, фитна бузукулуктардан жалпы мусулмандардын башын бириктирип турат. Имам Матруди эң биринчилерден болуп Пайгамбарыбыздын чыныгы ишенимин китепке түшүргөн аалым. Шарият илимдерин терең изилдөөдөн өткөргөн биздин Улуу мазхаб башчыларыбыздын китептери ошол аалымдардын аты менен аталып келет. Куранды окуу боюнча өзүнүн илимин, өмүрүн арнаган аалымдардын эмгектерине ошол эле аалымдардын аты менен аталып келет. Биздин кылымдар бою сакталып келген салттуу Исламды бекем кармаган болсок, эч кандай мусулмандар ортосунда талаш-тартыш жаралбайт жана таза болгон динибиз ошол бойдон сакталып кала берет»,- деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми Ош облусунун казызысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу учурдун талабы экенин баса белгилеп, коронавирус илдетин алдын алууда санитардык талаптарды так сактоого чакырды.

«Коронавирус илдети дагы деле эл арасында жайылып жатат. Жалпы жарандарыбызды бул илдеттен алдын алуу баарыбыздын атуулдук милдетибиз. Ошондой эле имамдарыбыздын акыйда маселесине олуттуу көңүл буруп, бул илимди алууда атайын окуудан өткөрүшүбүз керек. Буюрса Ош облустук казыятынын имаратында имамдар үчүн атайын окутууларды уюштурмакчыбыз», -деди облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев.