Бишкекте Ислам азыркы светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы» аттуу IV эл аралык конференция өтүүдө

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана КМДБнын аппраты, бөлүм башчылары жана Ысык-Көл, Ош облусунун казыларынын катышуусунда КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уюштурулган  «Ислам азыркы светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы» аттуу IV эл аралык конференция өтүүдө.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык, диний уюмдардын өкүлдөрү, радикализмдин жана экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча окумуштуу илимпоздор катышууда.

Конфернциянын максаты – Исламдын светтик мамлекеттерде ордун жана ролун контекстинде дүйнөдөгү учурдагы диний кырдаалды талдоо, диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүдө актуалдуу маселелерди талкуулоо, мусулман коомчулугу менен гармониялык мамилелердин жолун табуу, диний чөйрөдө демократиялык башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, дискриминацияга каршы жана диний негиздеги радикализмди алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Бул конференцияда төмөнкү маселелер талкууланууда:
1. Диндер аралык өз ара аркеттенүүнө исламдын тарыхый тажрыйбасы жана практикасы;
2. “Диндер аралык кызматташууну өнүктүрүүдө заманбап процесстери жана мисалдары”;
3. Радикализмди алдын алуу жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү актуалдуу маселелери;
Конференцияда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ислам дини тынчтыкка үндөп, элдин бейпил турмушуна, конфессиялар аралык достукка чакыра тургандынын билгилеп, буларга токтолду.

“Диндер аралык кызматташуунун дүйнөлүк тажрыйбасы, жалпы адам-затынын баалуулуктарын урматтоонун негизинде жүргүзүлөт. Ошону менен биргеликте, бүтүндөй динге ишенгендердин сезимдерин жемелөөгө алдырбастан, диндер аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо зарылдыгын дүйнөлүк коомчулукка айкын көрсөтүп турат”,-деди Азирети Муфтий.