Азирети Муфтий: Адам баласына сый-урмат Алла Таала тарабынан берилген

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан Бишкекте өтүп жаткан «Ислам азыркы светтик мамлекетте: конфессиялар аралык кызматташтыктын тажрыйбасы» аттуу IV эл аралык конференцияга катышты.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин аталган конференцияда сүйлөгөн сөзү.

Диндер аралык кызматташуунун дүйнөлүк тажрыйбасы, жалпы адам-затынын баалуулуктарын урматтоонун негизинде, ошону менен биргеликте, бүтүндөй динге ишенгендердин сезимдерин жемелөөгө алдырбастан, диндер аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо зарылдыгын дүйнөлүк коомчулукка айкын көрсөтүп турат. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат»,-деген сөз бар эмеспи. Бүгүнкү күндө ар мекемелерде, үй-бүлөлөрдө болуп жаткандар келишпестиктер өтө кайгылуу жана өкүндүрбөй койбойт.

Дүйнөлүк диндер аралык тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоодо бири-бирибизге кандайча жардам бере алабыз?

Биздин оюбузча, дүйнөлүк конфессиялардын ортосундагы өз ара кызматташуунун этабы болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоодо камтылган.

Азыркы учурда, адамзатынын белгилүү бир кыжалаатчылыгы байкалууда, жана андан куткарылуусу алардын руханий тазалыгында жатат.

Пайгамбарлардын бардыгы (а.с.) тынчтык орнотуу үчүн Улуу Жаратуучу тарабынан жиберилген. Акыркы пайгамбар дагы (САВ)  адамзатынын жанын, мал-мүлкүн жана абийирин куткаруу үчүн жиберилген.

Ибрахим пайгамбардын жолундагы бардык салттуу диндеринин маани-маңызы болуп, адамзаты бири-бирин сыйлоо аркылуу Улуу Жаратуучуга сыйынуу эле.

Демек, сыйынуунун маңызы болуп, бул тазалануу, Жараткандын жаратылган пенделери менен байланышы, өзүндө башкаларга болгон сүйүү жаратуу болгон.

Адамдардын жалпы адамзаттык баалуулуктарга негизделбеген мамилелери жакшылыкка алып барбайт, анткени алардын бири-бирине болгон сүйүүсү жок.

Адамдарда бири-бирине болгон сүйүү жетишпейт, деп айткым келет.

Анткени, «сүйүү адамды сокур да, дүлөй да кылат» деген макал бар эмеспи.

Бирөөнү сүйгөндө, экинчисинин кемчиликтери көзгө көрүнбөй калат.

Демек, сиз жана биз үчүн адамдардын ортосунда ушундай сүйүүнү жаратуу өтөө маанилүү.

Бири-бирибизди урматтоо сүйүүдөн башталат.

Тактап айтканда, жылуу учурашуу, белек берүү, бири-бирибиз үчүн дуа кылуу жана бири-бирибизди басмырлабай, төмөн сезүү.

“Өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло”, дегендей, адам баласы башканы ылдый көрбөй, өзүнөн өйдө көрүшү керек. Сүйлөө маданияты менен мамиле маданиятын Курани Каримде ачык айткан.

“Адамдарга чырайлуу, кооз сүйлөгүн”,-дейт.

Мейли ал мусулман, мусулман эмеспи, сизге доспу, душманбы, сизге жагабы, жакпайбы, жакшыбы, жаманбы ажыратпастан туруп адам баласыбы, ал урмат-сыйга ээ. Адам баласынын урмат-сыйга ээлинин Алла Таала Курани каримде Алла Таала кепилдик берип,

“Биз адам баласына сый-урмат бергенбиз”,-дейт.

Бул жерде мусулмандарга же башкаларга өзгөчөлөп айткан жок. Бардык адам баласына сый-урмат Жараткан тарабынан кепилдик берилген туугандар!

Пайгамбарыбыз (САВ)   айткан: “Силер баарыңар бир атадансыңар. Бир энеденсиңер. Адам атаңар топурактан”-дейт.

Демек, жер бетинде адамгерчиликти орнотуу зарыл.

Айрыкча, жогоруда баяндалгандардын мисалы катары, дүйнөлүк руханий лидерлердин аталган багыттагы төмөнкү маанилүү кадамдарды белгилегим келет:

Мунун айкын далили катары, 2019-жылдын февраль айында Абу-Дабидеги Папа Римдик Франциск менен Аль-Азхар Университетинин башчысы Шейх Ахмад ат-Тейибдин жолугушуусу болуп өттү, ал жерде «Тынчтык жана жанаша жашоо үчүн адам боордоштугу жөнүндө документке» кол коюлду.

Бул Келишим эл аралык коомчулукка мындайча кайрылуу жасады: “Ишенүүчүлөрдүн ортосундагы диалог дегенибиз жалпы руханий, адамдык жана социалдык баалуулуктардын эбегейсиз зор чөйрөсүндө жолугушуу дегенди билдирет жана ушунун негизинде дин эңсеген эң жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды алмашууну билдирет. Ошондой эле натыйжасыз талкуудан алыс болуу дегенди билдирет» деп белгиленген.

Кыргызстан, менин оюмча, дүйнөлүк коомчулукка диндер ортосундагы ынтымактын жана биримдиктин мыкты тажрыйбасын биргелешкен аракеттердин жардамы менен сунуштай алды, десем жаңылышпаймын.

Анткени, Жараткан Алла Таалам бизге эгемендүү мамлекет менен бирге сөз эркиндигин, дин эркиндигин дагы чогу берген. Бул Алла Тааланын чоң белеги деп эсептейбиз. Андыктан биз сөз эркиндиги, дин эркиндиги мамлекетибизде толук камсыздалгандыктан биз буга шүгүр кылуубуз керек.

Албетте, мейли Ислам же Православие болсун, бардык диндер ар бир адамдын анын диний ишенимине карабастан абийир, ар намысын коргоого кепилдик берүүчү жалпы адамзаттык баалуулуктарга сугарылган.

Мунун акыйкаттыгына биздин өлкө мисал боло алат. Биздин Кыргызстанда калкынын көбү мусулман болгондугуна карабастан эч качан диний жаатында түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар болгон эмес, тескерисинче биздин мамлекеттеги ар кандай конфессиялардын ортосунда  ар дайым тынчтык жана бейпилчилик, достук жана биримдик, өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо өкүм сүрүп келген.

Ал эми Алла Таала Курани Каримде айтат:

“Эй, адамдар! Биз силерди бир эркек, бир аялдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар – такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!”

Ошондуктан, адамдарды күч менен тигил же бул динди тутууга мажбурлоо эч качан Исламдан да жана Православиеден да колдоо таппайт.

Ислам эч качан Пайгамбарларды маскаралоого, адамзаты сыйынуучу жайларды, мисалга, ал церковь болобу, же синагог болобу, бузууга каршы туруп келе жаткан салттуу дин.

Ошондуктан, урматтуу конференциянын коноктору жана катышуучулары, маанилүү ойду жыйынтыктоо менен мен Кыргызстандагы салттуу конфессияларды өз ара бекем кызматташууга чакыргым келет. Эмнелер жөнүндө?

Биздин мамлекеттин өнүгүүсү, жалпы адамдык баалуулуктарды  жандандыруу, биздин мекендерибиздин тынчтыгын жана ынтымагын, стабилдүүлүгүн жана биримдигин сактоо үчүн, адамдарды ак ниеттүүлүккө, жөнөкөйлүккө, достукка, меймандостукка, көтөрүмдүүлүккө жана толеранттуулукка, жакшылык каалоого үйрөтүү үчүн биргелешип кызматташуубуз зарыл.

Дагы бир жолу, ушундай өтө маанилүү эр-аралык иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем.