Алланын бар экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын

Өткөн кылымдагы 70 жылдык атеисттик саясат жана учурдагы кээ бир дүйнөлүк күчтөр тарабынан ырааттуу жүргүзүлүп жаткан исламофобия тенденциясы кыргыз коомунун кудай жөнүндөгү дүйнө таанымын олку-солку кылып, айрым адамдар тарабынан «кудай барбы?» деген суроо уламдан-улам коюлууда. Ырасында бул собол миң жылдардан бери келе жаткан эзелки суроо. Дал ушул суроонун үстүндө улуу даанышмандар, ойчулдар, философтор кызыл чеке болуп талашып келген. Кыргыз эли кан төгүүсүз кабыл алган жана миң жылдар бою карманып келе жаткан ислам динин, анын ичинде ислам теологиясындагы Алла түшүнүгүн бурмалоого, динден оолактатууга кызыкдар тараптар жөн жатпай, тынымсыз аракет кылып жатышы кээ бир адамдарга таасир этип, адашууга же шайтандын азгыруусуна (васвасага) кабылышы толук мүмкүн.

Логикага ылайык бар нерсени далилдеш оңой. Мисалы, алманын бар экенин далилдөө үчүн анын сын-сыпатын; даамын, формасын, түсүн ж.б. айта аласың. Ал эми жок нерсени далилдештин өзү мүмкүн эмес. Ошондуктан, кудайдын бар экенин далилдөө акылга толук сыят. Себеби Алланын барлыгын айгинелеген көптөгөн далил бар.

Мисалы, кудайдын бар экенин айткан батыш философтору онтологиялык далилди көп колдонушат. Алардын аргументи боюнча адам кемчиликтүү зат. Бирок адам аң-сезиминде «кудай» деген кемчиликсиз Зат жөнүндө түшүнүк бар. Акыйкатта кемчиликтүү зат кемчиликсиз Зат жөнүндө ойлоно алышы эмненин далили? Тагыраагы, эзелки жана түбөлүктүү Зат эмне үчүн аң-сезимибиздин сыртында жок болушу керек?! Онтологиялык далилге (же калам илиминдеги акмал далилине) ылайык, кемчиликсиз зат жөнүндөгү ой-сезим кудай таала тарабынан берилет. Макалада ушул сыяктуу белгилүү далилдер боюнча сөз кылабыз.

  1. Худус далили

Худус – кийинчерээк ортого чыгуу же жаралуу, жок болуп турган абалдан пайда болуу дегенди туюнтат. Бул сөздүн антоними – кадим. Кадим дегенибиз – барлыгынын башталышы болбогон же жоктугу мүмкүн эмес, дайыма бар болгон деген маанилерге келет. Худус далилинде (же космологиялык далилде) «эмнеге эч нерсенин ордуна бир нерселер бар?» деген суроо аркылуу көз алдыбызда турган аалам жана материянын барлыгынын түшүндүрмөсүн табуу көздөлөт. Ал эми ааламдын жаралуу максаты теологиялык далилдерде каралат.

Худустун эң зор далили – өзгөрүү. Эгерде материя өзгөрүү касиетине ээ болсо, анда анын шек-күмөнсүз башталгыч чекити да бар болот. Ал эми ошол чекиттен мурда ал нерсе жок болчу. Демек, нерсе/ материя өзүнөн-өзү жаралбайт же жоктуктан бар болууга өтө албайт. Бул мүмкүн эмес. Себеби, нерсе өзүн-өзү жарата албайт. Өзүн-өзү жаратууга кудиретсиз. Аны бирөө жаратат. Ошондой эле өзгөрүү бар болсо, анда өзгөртүүчү да бар болушу шарт. Кээ бир адамдар бузулган эт, тамак-аштарда өзүнөн-өзү пайда болгонсуган бактерияларды далил кылып, «аалам өзүнөн-өзү жаралган» деп айтат. Бирок француз окумуштуусу Луи Пастор муну жокко чыгарган. Анын аныктамасы боюнча курттар менен бактериялар өзүнөн-өзү пайда болбой эле, абадагы көзгө көрүнбөгөн майда жандыктардын белгилүү шартта чоңоюусу экен. Пастор бир аз тамак-ашты абасы сордурулган идиштин ичине салып койгон. Анда эч кандай бактерия пайда болгон эмес. Ошондон тарта тамакты консервалоо ыкмасы пайдалана баштаган.

Материянын термодинамика законуна ылайык жоголууга багыт алышы, ааламдын тынымсыз кеңейиши, Күндүн убакыт өткөн сайын түгөнүүгө жол алышы сыяктуу хадисалар (окуялар) ааламдын башталышынын бар экенине далил болуп саналат. Демек, ааламдын жаралуу башаты бар. Андай болсо анын жаратуучусу бар. Мисалы, уста болбой үй курулбайт, автору болбой китеп жазылбайт. Ошол сыңары, жаратуучу болбой аалам болмок эмес. Ааламдын өзүн-өзү жарата албашын назарга тутсак, анын да жаратуучусу/ куруучусу болууга мажбур.

  • Давр жана тасалсулдун мүмкүн эместиги

Давр – бир нерсени себептүү түрдө кайра эле өзү менен далилдөө маанисине келген логика жана философиялык термин. Давр (повторяемость)  далилин жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрүүгө аракет кылалы. Мисалы, бир жумуртканы «тоок жаратты» деген адамдан, «а тоокту ким жаратты?» деп сурайсыз. Ал дароо «жумуртка» деп жооп берери бышык. Суроо-жооп «тоок – жумуртка – тоок – жумуртка» деп тура берет. Ушул учурда тоокту четке чыгарсак, жумуртка жумуртканы жараткан болуп калат. Бул албетте, мүмкүн эмес (мухал). Даврга башка мисал: Сиз А мектебине катталууга бардыңыз. Бирок алар катталуу үчүн Б мектебине жазылуунун шарт экенин айтты. Сиз Б мектебине барсаңыз, алар кайра эле А мектебине жазылуу зарылдыгын суранды. Сиз ошентип отуруп эч качан каттала албайсыз. Мындан да жөнөкөй мисал, чоң ата небересинин небереси боло албайт. Же ата уулунун уулу боло албайт.

Ал эми тасалсулда (чексиз чынжыр) зат же жараяндардын себеп-натыйжа байланышынын негизинде түбөлүккө артка карай кете беришин түшүндүргөн термин. Мында бир нерсенин себеп жана натыйжасы силсила абалында токтобой кете берет. Мунун аягы жок. Демек, мухал.

Муну илимий жактан алып карайлы. Эгерде ааламдын жаралышы себептерге байланыштуу болсо, анда себептер бирин-бири жаратышы керек болуп калат. Айталы, А элементи Б атомун, Б атому В молекуласын жараткан болсо, анда А элементи кандайча бар болуп калды? Буга жооп берүү үчүн бир нече вариант пайда болот.

Биринчиси, «А элементинин башталышы жок, жаратылбаган, эзелки». Мындай сапат кудайга гана таандык болуп, макулуктарга тиешелүү эмес. Демек, жаңылыш пикир.

Экинчиси,  «А элементи өзүнөн-өзү жаралды». Деген менен ааламдагы зор системалуулук, уникалдуу тең салмактуулук жана кынтыксыз ише ашкан кубулуштар кокустук деген жүйөөнү кабыл албайт. Анын үстүнө материя өзүнөн-өзү жаралбайт. «Нерсе – жоктон бар болбойт».

Үчүнчүсү, «А элементин кийинки жаралган Б жана В элементтери жаратты». Бул давр жана сандырактык болуп саналат. Мухал дегенибиз ушул. Логика жана калам илими давр жана тасалсулду четке кагат (батылга чыгарат). 

  • Имкан далили

Биринчи жолу ислам философтору колдонгон себептүү «ислам философторунун далили» деп да айтылат. Муну кийинки каламчылар (мутааххирун) да колдонгон. Бул далилге ылайык, аалам же ааламдагы нерселер бар болушу да мүмкүн эле, жок болушу дагы мүмкүн эле. Демек, бул мүмкүндүктү бар кылган/ тандаган бирөө бар. Ал барлыгы абсолюттуу (ваажибул-вужууд)  болгон Алла Таала.

Имкан далилинин дагы бир өзгөчөлүгү, ааламдагы биз күбө болгон бардык нерселер өзгөрүүчүлүк касиетке ээ. Мунун өзү ааламдын мүмкүн нерсе (мумкинул-вужуд) экенин туюнтат. А өзгөрүүчү нерсе түбөлүктүү зат боло албайт. Демек, бул ааламды бар кылган/ жараткан бирөө бар.

Ушул далилди жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрсөк, сиз азыркы тапта барсыз. Бирок жок болуп калышыңыз да мүмкүн эле. Сиз өзүңүздү-өзүңүз бар кылган жоксуз. Демек, кимдир-бирөө бар кылды. Ал албетте, амири күчтүү Аллаху субхану ва таъаала.

  • Максат жана системалуулук далили

Бул далил худус жана имкан далилине караганда ачык-айкын аргумент болуп саналат. Сократ доорунан бери келе жаткан бул эски аргумент бүгүнкү күндөрү да эң көп колдонулган далил катары белгилүү. Ааламда эсепсиз себеп жана максаттар системасы бар. Эч бир нерсе жөндөн-жөн эле артыкбаш жаралган эмес. Бардык кубулуштар белгилүү закондор жана өз ара гармония менен жөнгө салынат. Мисалы, өсүмдүктөр көмүр кычкыл газын сиңирип, кычкылтек бөлүп чыгарса, жаныбарлар кычкылтек менен дем алып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Же бактерияларды алып карайлы. Бактерияны оору козгогуч деп жек көргөнүбүз менен анын кээ бир түрлөрү адамдын организминин нормалдуу иштеши үчүн зарыл. Мындай бактерияларды симбиоздук чөйрө деп аташат. Бактериялардын дагы бир пайдасы: ичегиде азыктын сиңирилишине катышып, витаминдердин пайда болуусун ишке ашырып, ичеги ооруларын алдын алат.

Же болбосо карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбарларды мисал келтирсек болот. Сыртынан караганда пайдасы жок, коркунучтуу туюлганы менен табияттагы оорулуу айбанаттарды, тарптарды жок кылуу аркылуу табигый санитардык функцияны аткарат. Аалам жана андагы нерселер кокустук себептүү жаралды десек, анда эң бир кылдат түзүлгөн зор системалуулук, тең салмактуулук жана гармония болушу мүмкүн беле? Кокустук ааламдагы системалуу кыймылды, кандайдыр бир мыйзамдар менен жөнгө салынган кылдаттыкты жана иреттүүлүктү жарата алышы мүмкүн беле?  Мына ушунун баарын өтө даанышман, өтө илимдүү Зат жаратты деп ишенүү негиздүү болуп жүрбөсүн.  

  • Кабул-и аамма

Адамзат тарыхынын шахаадаты же «шахаадат-и аамма» далили деп айтылчу бул аргумент инсандагы дин жана Алла жөнүндөгү түшүнүктүн табиятынан эле бар экенин айгинелейт. Адамзат тарыхында кандай доор, кандай мезгил болбосун дайыма дин же ишеним карманган. Коомдордун артта калганы болобу, өнүккөнү болобу, кандай маданият болбосун сөзсүз түрдө монастырь, чиркөө же табынуучу жай курулган. Туура ишенимби же натуурабы, иши кылса дин адамзат тарыхында табигый муктаждык катары кызмат кылган, кылып жатат жана кыла берет. Тарыхта динсиз эч бир коом болгон эмес. Жөнөкөй эле мисал, кудайга ишенбеген адам катуу корккондо «Алла» деп жиберет. Ушул да кудайдын бар экенинин далили болуп саналат.

Ошондой эле кудай таала ыроологон жакшылыктар аркылуу да Алланы таанууга болот. Ниязалы молдо Эсенгул уулу кудайдын ар-Раззаак сыпатын ачып, Ал берген нимат-хикматтарга көңүл бурат: 

«Олуя өткөн адамга,

Алла өзү жылдырды.

Көрүп жүрөт көзүбүз,

Нечен түркүн элдерди.

Манабына букара,

Балапанча жем берди.

Баарыбызды каратты,

Теңдеши жок бир кудай.

Ооз, жаак, тил берип,

Бизди кылды сөзгө бай.

Оокатына бергени,

Бирөөгө жарма, боз*, чай.

Жылдын жарымын кыш кылып,

Жана кылды жарымын – жай».

Булардан башка да адеп-ахлак, адам табияты, илм-и аввал, кыймылдуулук, адеп-ахлак, мээримдүүлүк жана боорукерлик сыяктуу философиялык жана каламий аргументтер бар. Акыл-эси жетик, даанышман, көрөңгөсү терең, хидаят нуруна татыктуу инсандар улуу акыйкатты табары шексиз. Бирок, жүрөгүнө мөөр урулган адамдар улуу акыйкатты заматта кабылдап, Аллага ыйман келтириши кыйын. Аларга түрдүү аргумент, ынанымдуу далил сунсаң да тоң моюндук кылып, кепке келбеши мүмкүн…

  • Куран-и Карим

Жогоркулардан алда канча кубаттуу аргумент болуп саналган Куранды эң негизги далил катары айтуу зарыл. Адам сөзүнө окшобогон уникалдуу бул китеп бир эле мусулмандарды эмес, кайридиндерди, динсиздерди, ал тургай ориенталисттерди да кызыктырып келет. Мисалы, Куран нускаларынан айырмачылыктарды, логикалык жана орфографиялык каталарды табууну максат кылган чыгыш таануучулар Мюнхен университети Куран Изилдөө институтунун алдында дээрлик 60 жылга созулган изилдөөлөрүндө бир да олуттуу ката таба алышкан эмес. Себеби, Куранда логикалык болобу, граматикалык болобу, айтор эч кандай ката жок. Ушундай кынтыксыз китепти окуу-жазууну билбеген, цивилизациядан алыс киши жазышы дегеле мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу далилдер Куранды адам баласы жазбаганын айгинелейт. Демек, Куран-и Каримди өзүнчө зор далил катары карашыбыз керек.

Ыйык Куран-и Карим Алла Тааланын каламы/ сөзү болуп саналат. Анда Алланын барлыгын жана бирлигин баяндаган/ бышыктаган бир нече аяттар/ далилдер бар. Куранда көрсөтүлгөн далилдер ынандыруучу өзгөчөлүккө ээ. Ошондой эле адам акылына багытталган аяттар ой жүгүртүүгө чакырат. Улуу китептеги далилдер эч качан эскирбейт жана дайыма актуалдуу бойдон кала берет. Мындагы далилдер адам баласынын акылына толук кандуу сыят. Куранда «ой жүгүртпөйсүңөрбү?», «акыл калчабайсыңарбы?», «акылга келбейсиңерби?» деген маанидеги аяттар өтө көп. Ыйык Куран-и Карим ушул жана башка көптөгөн өзгөчөлүктөрү/ касиеттери себептүү каламчылар жана ислам философторунун далилдеринин негизги булагы болуп саналат.

Каламуллада ой жүгүртүү, акыл калчоо аркылуу Алланын барлыгын далилдөөгө болорун Азирети Ибрахимдин (а.с.) мисалында айтууга толук негиз бар:  

«Биз Ибрахимге ал ишенүүсү үчүн асман менен жердин падышалыктарын көргөздүк. Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул менин кудайым», – деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм», – деди. Айды көргөн кезде: «Менин кудайым ушул» – деди. Ал да батып кеткенде: «Эгерде Эгем мени туура жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун», – деп айтты. Чыгып келе жаткан Күндү көргөн кезде: «Менин кудайым ушул, ал (баарынан) чоң», – деди. Ал да батып кеткенде: «Эй менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан алысмын», – деп айтты. «Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошуучулардан эмесмин», – деди» (Анаам сүрөсү, 75-79).

Мунун сыртындагы Куран көрсөткөн кээ бир аргументтерге өзүнчө токтололу:

а) Адамдын жаратылышы

Адам – тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп-өсүшүндө эң жогорку баскычка жеткен, коомдук-тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу, ошондой эле ээси болуп саналат. Ал жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ. Эмгек куралын жасап, аны менен айлана-чөйрөгө таасир этип, өзгөртө алат; мээ түзүлүшү татаал, сүйлөөгө жөндөмдүү. Демек, адам анатомиясы өтө жогорку чеберчилик менен жаратылган.  Ыйык Куранда адамдын жаратытылышы боюнча көптөгөн аят-ы карималар бар. Алсак, Мурсалат сүрөсүнүн 20-23-аяттарында:

اَلَمْ نَخْلُقْكُمْ مِنْ مَٓاءٍ مَهينٍ ﴿٢٠﴾

فَجَعَلْنَاهُ في قَرَارٍ مَكينٍ ﴿٢١﴾

اِلٰى قَدَرٍ مَعْلُومٍ ﴿٢٢﴾

فَقَدَرْنَا فَنِعْمَ الْقَادِرُونَ ﴿٢٣﴾

20. Биз силерди көрүмсүз, начар суудан жаратпадыкпы?!

21. Аны (сууну) Биз ишеничтүү орунга (жатынга) жайгаштырдык.

22. белгилүү бир убакытка чейин.

23. Биз мөөнөттү белгилейбиз жана Биз мөөнөт белгилөөчүлөрдүн эң кудиреттүүсүбүз.

Адамдын жаратылышы боюнча дагы караңыз: Абаса, 17-22; Аъла, 1-5; Алак сүрөсү, 1-2; Ясин сүрөсү, 36; Фуркан сүрөсү, 54; Фатир сүрөсү, 11; Нахл сүрөсү, 70-78; Муминун сүрөсү, 12-16 ж.б. Бөтөнчө уникалдуу физиологияга ээ адамды кандайдыр бир кокустук же өзүн-өзү жарата алышы мүмкүнбү? «Алар Жаратуучусуз жаралышканбы же өздөрү Жаратуучубу?» (Тур сүрөсү, 35).

б) Айбанаттардын жаратылышы

Айбанаттар – тирүү организмдер дүйнөсүндөгү эң негизги топтун бири болуп саналат. Биздин жашообузда жаныбарлардын, өзгөчө үй жаныбарларынын орду чоң. Үй жаныбарларына майда жана бодо мал, үй канаттуулары ж.б. кирет. Алардын чарбадагы мааниси өтө зор. Алардан тамак-аш, кийим-кечек, дары-дармек алынат. Демек, жаныбарлар адамга берилген, баш ийдирилген зор нимат-жакшылык болуп саналат. Бул туурасында Ясин сүрөсүнүн 71-74-аяттарында сөз кылынат:

اَوَلَمْ يَرَوْا اَنَّا خَلَقْنَا لَهُمْ مِمَّا عَمِلَتْ اَيْدينَٓا اَنْعَاماً فَهُمْ لَهَا مَالِكُونَ ﴿٧١﴾

وَذَلَّلْنَاهَا لَهُمْ فَمِنْهَا رَكُوبُهُمْ وَمِنْهَا يَأْكُلُونَ ﴿٧٢﴾

وَلَهُمْ فيهَا مَنَافِـعُ وَمَشَارِبُ اَفَلَا يَشْكُرُونَ ﴿٧٣﴾

71. Биздин өз кудиретибиз менен жараткандарыбыздын ичинен Биз алар үчүн жаратып берген малдарыбызды жана аларга ээлик кылышарын көрүшпөйбү?

72. Буларды (малдарды) аларга баш ийдирдик, алар кээ бирлерин минишет, кээ бирлеринин (этин) жешет.

73. Мында алар үчүн пайда жана  суусундуктар бар. Бул үчүн алар шүгүр кылышпайбы?

Жан-жаныбарлар боюнча дагы караңыз: Зухруф сүрөсү, 11-14; Шуура сүрөсү, 29; Нахл сүрөсү, 66, 79; Муминун сүрөсү, 21-22; Бакара сүрөсү, 164; Мүлк сүрөсү, 19; Нур сүрөсү, 45 ж.б.

в) Көктөрдүн жана Жердин жаратылышы

Өтө мыкты, уникалдуу тең салмактуулукта жаратылган табият системасы дайыма көңүл борбордо болуп келет. Жер шары, анын атмосферасы адам үчүн ыроолонгон улуу нимат экени айтпаса да белгилүү. Планетабыздагы эсепсиз хикмат-ниматтарды Улуу Мээримдүү Зат гана тартуулашы мүмкүн. Бул боюнча Ясин сүрөсүнүн 33-35-аяттарында сөз кылынат:   

وَاٰيَةٌ لَهُمُ الْاَرْضُ الْمَيْتَةُ اَحْيَيْنَاهَا وَاَخْرَجْنَا مِنْهَا حَباًّ فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ ﴿٣٣﴾

وَجَعَلْنَا فيهَا جَنَّاتٍ مِنْ نَخيلٍ وَاَعْنَابٍ وَفَجَّرْنَا فيهَا مِنَ الْعُيُونِ ﴿٣٤﴾

لِيَأْكُلُوا مِنْ ثَمَرِه وَمَا عَمِلَتْهُ اَيْديهِمْ اَفَلَا يَشْكُرُونَ ﴿٣٥﴾

33.  Өлүк жер силер үчүн бир белги: Биз аны тирилттик, андан дан өндүрүп чыгардык. А силер андан жейсиңер.

34. Биз анын үстүнө курма менен жүзүм бактарын өндүрдүк жана булактарды чыгардык.

35. Алардын мөмөлөрүнөн жана алар колдору менен кылынгандарынын жеши үчүн. Шүгүр кылбайсыңарбы?

Көктөрдүн жана Жердин жаралышына байланыштуу дагы караңыз: Фатир сүрөсү, 12-14; Мүлк сүрөсү, 3-4.

г)  Суунун жаралышы

Суу – жашообуздагы эң манилүү факторлордун бири болуп саналат. Адам суусуз бир нече күн гана жашай алат. Эгер ал 1-1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6-8%га жакын суусун жоготсо жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе галлюцинация болуп калат (жөөлүйт), ал эми 12%тен ашык жетпесе көз жумат. Мына ушундай зор хикматты да кудай таала жараткан (Ибрахим сүрөсү, 32-34):

اَللّٰهُ الَّذي خَلَقَ السَّمٰوَاتِ وَالْاَرْضَ وَاَنْزَلَ مِنَ السَّمَٓاءِ مَٓاءً فَاَخْرَجَ بِه مِنَ الثَّمَرَاتِ رِزْقاً لَكُمْ وَسَخَّرَ لَكُمُ الْفُلْكَ لِتَجْرِيَ فِي الْبَحْرِ بِاَمْرِه وَسَخَّرَ لَكُمُ الْاَنْهَارَ ﴿٣٢﴾

وَسَخَّرَ لَكُمُ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ دَٓائِبَيْنِ وَسَخَّرَ لَكُمُ الَّيْلَ وَالنَّهَارَ ﴿٣٣﴾

وَاٰتٰيكُمْ مِنْ كُلِّ مَا سَاَلْتُمُوهُ وَاِنْ تَعُدُّوا نِعْمَتَ اللّٰهِ لَا تُحْصُوهَا اِنَّ الْاِنْسَانَ لَظَلُومٌ كَفَّارٌ ﴿٣٤﴾

32. Алла асмандар менен жерди жаратып, асмандан жамгыр жаадырат жана аны менен силердин ырыскыланууңар үчүн мөмө жемиштерди чыгарды. Деңизде Анын уруксаты менен сүзүп жүрсүн үчүн силерге кемени башкартты. Ошондой эле дарыяларды да силерге баш ийдирди (каалагандай пайдаланасыңар).

33. Ал силер үчүн Күндү жана Айды моюн сундурду (башкарды), алар токтоосуз айланышат. Ошондой эле силерге түн менен күндүздү да моюн сундуруп (башкарып) берди.

34. Ал силерге сураган нерселериңердин баарын берди. Эгер силер Алланын берген жакшылыктарын эсептеп көрсөңөр, аны санап бүтө албайсыңар. Акыйкатта, инсан заалым (өз жанына көп зулум кылат) жана шүгүр келтирбейт.

Акыл жүргүзүп, терең ой калчаган адамга мындай аяттар жетиштүү аргумент болуп берет…

Ыйык Куран-и Каримде Алланын барлыгы жана бирлигине/ жалгыздыгына өзгөчө көңүл бурулат. Алла койгон ислам дини тек кудайлуу дин/ таухид дини болуп эсептелет. Көп кудайлуулук бурмаланган же жалган диндерге тиешелүү сапат. Алланын бирлиги тууралуу Ихлас сүрөсү жана «Эгерде асмандар менен жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетер эле…» деген (Анбия, 22) аят-ы карималар сыяктуу кубаттуу далилдер жетиштүү. Кудай буюрса Алланын бирлиги боюнча кийинки макалаларда сөз кылабыз.

Жыйынтык сөзгө келсек, Алланын бар экени абсолюттуу акыйкат. Алланын жок болушу таптакыр мүмкүн эмес, Анын бар болушу шарт (Важибул-Вужуд). Алланын барлыгын өтө кыраакылык менен далилдеген айтылуу Абу Ханифа рахимахулланын төмөнкү икаясын сунуштайбыз:  

Имам Азам Абу Ханифанын балалык учурларында бир динсиз (натуралист/ табиятчы) чыкты. Бардык нерсени табият жаратканына ишенген ал «Алланы жок» деп ар ким менен талашып отуруп, акыры Куфага келет. Адашкан идеяларын айтып, аалымдар менен талашуу ниетин билдиргенде, мусулмандар күлүшүп: «Бизде кичинекей бала бар. Алгач ошону жеңчи, андан кийин чоң аалымдар менен беттешесиң, – дешет. Ал сунушту кабыл алат. Натыйжада жолугушуу өтө турган жер жана убакыт мерчемделет.

Ошентип жанагы күн келгенде майданга эл жык-жыйма топтолот. Бирок жаш Ханифа кечигет. Арадан жарым саат өтөт, жок, бир саат өтөт, жок. Улам кечиге берет. Ошондо динсиз текеберленип, «албетте менден коркту», – деп жымыя баштайт. Аңгыча өспүрүм аалым келип калат. Динсиз ага:

  • Эмнеге кечиктиң, чыт курсак? Же менден аябай коркуп кеттиңби? – деп сурайт. Абу Ханифа:
  • Сенден коркконум жок. Үйүбүз дарыянын аркы өйүзүндө. Дарыя эки жээкти бириктирген көпүрөнү алып кетиптир. Анан ошол жердеги дарактарга, «дароо кайыкка айланып, мени берки жээкке өткөргүлө» деп буйрук кылдым. Алар кайыкка айланып, мени бул жээкке алып өттү. Мына ушинетип кеч калдым. Кечирим сурайм, – деди. Жоопту уккан динсиз каткырып күлүп:
  • Эй, акылсыз бала! Дарак өзүнөн-өзү кайыкка айланчу беле? – дегенде Абу Ханифа сурданып:
  • Анык акылы жок сен турбайсыңбы?! Кичинекей кайыктын өзүнөн-өзү жаралганына ишенбей, бирок учу-кыйырсыз ааламдын өзүнөн-өзү жаралганына кантип ишенип жүрөсүң? – деп жарга такайт. Өңү бозоро түшкөн динсиз:
  • Капилеттен сөз таптың, чыт курсак. Эми айтчы, Алланы бар эле бар дейсиң, көрсөтчү Аллаңды? Анан ишенейин – деп кезектеги суроосун узатат. Абу Ханифа колуна бир кесе сүт кармап,
  • Май жана быштак эмнеден жасалат? – деп сурайт. Динсиз:
  • Албетте, сүттөн…
  • Андай болсо ушу сүттүн ичиндеги май менен быштакты көрсөтчү?
  • Сүттүн ичинде май менен быштак бар, бирок көрүнбөйт да…
  • Сен ушу сүттүн ичинде май менен быштактын бар экенине ишенип туруп,  бирок көрсөтө албадың. Анан менден улуу Алланы «кудай мынакей» деп көрсөтүшүмдү кантип сурап жатасың? – деп жооп берет. Ушул ынанымду жоопторго да анча ынанбаган динсиз мукактанып:
  • Акыркы суроомо да жооп берсең сенин кыйындыгыңды моюндайм. Болбой эле «Алла бар» деп атасың, андай болсо айтчы, сенин Алла Таалаң ушул учурда эмне кылып жатат? – деп соңку соболун узатат. Бир аз ойлоно түшкөн Абу Ханифа:
  • Алдагы отурган секичеден ылдый түш, ошол жерге чыгып жооп берейин, – дейт. Динсиз жасалгалуу бийик секиде отурган эле. Ал ылдый түшкөндө айтылуу Абу Ханифа секиге чыгат да:
  • Алла Таалам ушул учурда бир динбезерди төмөн түшүрүп, бир кичинекей кулун жогору чыгарды, – деп чукугандай жооп берет. Ушундан кийин жанагы динсиз толук ынанат да, миңдеген адамдардын алдында «Ашхаду аллаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммадан ъабдуху ва Расуулух» деп калима-и шахаадатты айтып, исламды кабыл алган экен.

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев

Колдонулган булактар:

  1. Имам Матуриди, «Китабу ат-Тавхид»;
  2. Абу Муъин Насафи, «Табсирату аль-Адилла»;
  3. Абу Жафар Тахави, «Акыйда-и Тахавия»;
  4. А. Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы»;
  5. Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак;
  6. А. Сеитбеков, «Ыйман бутактары»;
  7. М. Асым Көксал, «Пейгамберлер тарихи»;
  8. Мухаммед Хамидуллах, «Куран-и Керим Тарихи Дерс Нотлары», кот.: Суат Йылдырым;
  9. O. Maвланов, «Биология (Зooлoгия): Жалпы oрто билим берүүчү мектептердин 7-классы үчүн окуу китеби»;
  10. https://sorularlaislamiyet.com
  11. https://www.masalsitesi.com
  12. www.bb.edu.gov.kg
  13. https://www.evrim.gen.tr
  14. https://ky.wikipedia.org
  15. https://kg.tyup.net