Алланын бир экенинин далилдери

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын

Калам аалымдары Алланын бирлигин далилдеген түрдүү аргументтерди айтышкан. Алардын ичинен эң белгилүүсү «бурхан-и таману» далили болуп саналат. Акыл-эси жайында болгон бардык адам чыныгы кудирет ээсине туруштук бере турган, атаандаштык жарата турган же тең тайлаша алган күчтүн жок экенине ынанат. Эгерде кудай менен тең тайлаша ала турган зат болсо, анда кудай – кудай боло албайт эле. Акыйкаттан алыс, чындыгы жок же бурмаланган дин жана ишенимдерде айтылган кудайдын адам менен согушуп жеңилиши, күрөштөн жыгылышы сыяктуу мифтер негизсиз болуп эсептелет. Кээ бир кишилер жана коомдор ойлоп тапкандай, чынында бир нече кудай болгондо аалам системасы кыйроого учурамак.

لَوْ كَانَ فيهِمَٓا اٰلِهَةٌ اِلَّا اللّٰهُ لَفَسَدَتَاۚ فَسُبْحَانَ اللّٰهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ ﴿٢٢﴾

«Эгерде асмандар менен жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетер эле…» (Анбия, 22).

Таману далили

Таману сөздүк жагынан «тоскоол болуу», «каршы чыгуу» сыңары маанилерди туюндурат. Бул далил бирден ашыкча кудайдын жок экендигин түшүндүрүү үчүн колдонулат. Курандын Муминун сүрөсүнүн 91-аятында;

…وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ اِلٰهٍ اِذاً لَذَهَبَ كُلُّ اِلٰهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلٰى بَعْضٍۜ سُبْحَانَ اللّٰهِ عَمَّا يَصِفُونَۙ ﴿٩١﴾

«Аны менен бирге (башка) кудай болгон эмес. Эгер андай болбосо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетер эле жана бири-биринин үстүнөн чоңдук кылат эле».

Таману – теңдеши жок кудайдын жалгыздыгынын далили. Эгер бирден көп кудай болгондо, араларында келишпестиктер болуп, аалам эчак эле бузулуп, кыямат болмок. Демек, Жараткан бир, ага теңдеш зат жок жана «жаратуу жана бийлик жүргүзүү (буйрук берүү) ага таандык».

قُلْ لَوْ كَانَ مَعَهُٓ اٰلِهَةٌ كَمَا يَقُولُونَ اِذاً لَابْتَغَوْا اِلٰى ذِي الْعَرْشِ سَبيلاً ﴿٤٢﴾

سُبْحَانَهُ وَتَعَالٰى عَمَّا يَقُولُونَ عُلُواًّ كَبيراً ﴿٤٣﴾

«Эгерде Аны менен бирге, алар айткандай башка кудайлар болсо, алар Арштын ээсине катуу умтулмак. Ал кемчиликтерден таза, алар айткан нерселерден өтө жогору» (Исра, 42-43).

Жалгыз кудай ишениминин карама-каршысы эки же көп кудай түшүнүгү болуп саналат. Мисал катары, бардык жагынан бири-бирине тепетең эки кудай бар дейли. Булардын бири материянын болушун, экинчиси болбошун шартташы мүмкүн. Себеби, кудай көз карандысыз ираадага (эркке) жана толук кандуу кудиретке ээ. Мындай шартта үч ыктымалдуулук пайда болот.

  1. Эки кудайдын тең каалаганы болот;

Бул ыктымалдуулук болбогон нерсе (батыл). Себеби, бир эле учурда материя бар да, жок да болушу мүмкүн эмес. Демек батыл.

  • Эки кудайдын тең каалаганы болбойт;

Бул ыктымалдуулук да батыл. Каалаганын кыла албаган зат аажиз (алсыз). А алсыз нерсе кудай боло албайт.

  • Кудайлардын бирөөсүнүн каалаганы болот, экинчисиники болбойт;

Мунусу да батыл. Себеби, каалаганын орундата албаганы алсыз. Ал алсыз неме кудай болушу мүмкүн эмес. Берки кудай да бардык жагынан наркысына барабар болгондуктан, өзү да алсыз болуп калат. Анткени кудай кайсы бир зат менен бирдей болушу мүмкүн эмес. Демек, экөө тең кудай боло албайт.

Кыскача айтканда, ааламды эки кудайдын жаратышы мүмкүн болбогондуктан, анын абсолюттуу жалгыздыгынын далили өзүнөн-өзү белгилүү болду. Ааламдын бар экендиги жана андагы тең салмактуулуктун уланып жатышы буга зор аргумент болуп саналат. Алланын жалгыздыгына ишаара кылган дагы бир кубаттуу далил «бурхан-и таваруд» болуп саналат. Эгерде жерде жана көктө бир нече кудай болсо кандай болор эле? Мында да ааламдын жаралышы боюнча үч көз караш келип чыкмак:

  1. Аалам бардык кудайлардын биргелешкен күч-кудирети менен жаралды;

Бул пикирге ылайык, кудайлардын эч бири материяны өзү жалгыз жаратууга кудирети жетпейт деген тыянак келип чыгат. Себеби, баары биригип, «ашар жолу» менен ааламды жараткан болуп калат. Мындай жагдайда, баары алсыз. Алсыздык улухиятка (кудайлык) жалгашпайт жана булардын эч бири кудай боло албайт.

  •  Аалам көпчүлүк кудайлардын ар бири тарабынан өзүнчө көз карандысыз, бөлөк-бөлөк жаралды;

Бул жагдайда материя кемчиликсиз эки же көп жаратуучу тарабынан жаралган болуп калат. Кудайлардын бири ааламды жараткан болсо, башкасына зарылдык болбойт эле. Демек, мунусу да батыл.

  • Нерсени жаратуу бир гана кудайга таандык болуп, башкалары жарата албайт;

Эгерде аалам кудайлардын биринин илими жана кудирети менен жаралып, башкаларынын жаратууда эч бир таасири болбосо, аркылары артыкбаш жана пайдасыз болот да, ыктымалдуулуктун батылдыгы ачык-айкын билинет.

Жогорку үч ыктымалдуулук тең негизсиз болгон себептүү, кудайдын абсолюттуу бир экени маалым болду. Кээ бир адашкандар кудай таалага үй-бүлө, бала-бакыра сыяктуу пенде затына тиешелүү касиеттерди ыйгарышат. Турмушта ата менен бала, эне менен кыз сөзсүз жаңжалдашат эмеспи. Мындай кырдаал кудайлар арасында болсо эмне болмок? Алла сактасын, ааламдын эмгиче быт-чыты чыгып кетмек.

Бардык далилдер жана ишараттар эрксиз түрдө «Ла илаха илалла, Мухаммадун расулулла» деген улуу келмеге – калимаи таухидге алып барат. Мааниси: «Алла тааладан башка кудай жок. Мухаммед Анын элчиси». Калимаи таухид «калима-и ихлас», «калима-и таква», «калима-и таййиба», «дават-уль-хак», «урват-уль-вуска», «калима-и самарат-уль-жаннат» деп да аталат. Жерлерди жана асмандарды таразанын бир тарабына, бул калиманы экинчи тарабына коюшса, калима-и таухид коюлган тарап сөзсүз оордук кылат. (Хадиси шариф, Мактубати Раббани)

Таухид – ислам дининин эң негизги принциби жана момун болуунун алгачкы шарты. Ыйман – бардык нерсени жаратып, тулку-бой жана өң-келбет берген, өмүр жана ырыскы ыроологон кудайдын бар жана бир экенин кабылдоо. Бакара сүрөсүнүн 163-аятында:

وَاِلٰهُكُمْ اِلٰهٌ وَاحِدٌۚ لَٓا اِلٰهَ اِلَّا هُوَ الرَّحْمٰنُ الرَّحيمُ۟ ﴿١٦٣﴾

«Кудайыңар жалгыз. Мээримдүү жана ырайымдуу! Андан башка кудай жок».

Демек, Алланын бирлиги таухид деп аталат. Таухид – Алланын барлыгына, бирлигине, андан башка улуу күчтүн, ага теңдеш эч бир жандын, шерик жана ортогунун жок экендигине ишенүү жана аны түрдүү кемчиликтерден оолак кармоо дегенди түшүндүрөт.

Ыйык Куран-и Каримдин «Ихлас» сүрөсү ислам таухидин кыска, нуска камтыган жана тааныткан сүрө болуп саналат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул сүрөнү Курандын үчтөн бирине тете деп айткан.

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّح۪يمِ

قُلْ هُوَ اللّٰهُ اَحَدٌۚ ﴿١﴾

اَللّٰهُ الصَّمَدُۚ ﴿٢﴾

لَمْ يَلِدْ وَلَمْ يُولَدْۙ ﴿٣﴾

وَلَمْ يَكُنْ لَهُ كُفُواً اَحَدٌ ﴿٤﴾

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен…

  1. Айткын: Алла Жалгыз!
  2. Алла эч кимге муктаж эмес!
  3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн.
  4. Ага эч ким теңдеш эмес.

Таухид – Азирети Адамдан (а.с.) тарта Азирети Мухаммедге (с.а.в.) чейин өзгөрбөй келе жаткан улуу калима, теңдешсиз эреже, өзгөргүс мыйзам. Бирок ар кайсы коомдогу ар кайсы кишилер таухидди өзгөртүп, жалган кудайларды ойлоп табышкан же кудайсыздыкка баш коюшкан…

Алланын барлыгына жана бирлигине толук кандуу ишенген кишинин ой-санаасы тынч болот. Жүрөгүнө бейпилдик орноп, Алла таала жараткан жандууларга жакшы мамиле кылууга умтулат. Ошентип колу менен да, тили менен да башкага ыза бербеген, эч кимге кордук көрсөтпөгөн мыкты инсан боло алат.

Таухид же болбосо Алланын жалгыздыгы тууралуу түшүнүк кыргыздардын дүйнө таанымында эң сонун калыптанган. Таухид кыргыз рухунун туу чокусу саналган «Манас» эпосунда да айтылат:

«Мурунку батыл диниңден

Балам, күдөр үз – деди.

Болбой турган бир жумуш

Мурунку батыл дин – деди.

Бир жараткан кудайдын

Бирлигин анык бил! – деди.

Кубаттуу болот тирлигиң,

Кудааның билгин бирлигин,

Көрбөй туруп ынанып,

Көңүлдүн чыгар кирлигин.

Бар! – деп билгин, ката жок,

Туудурду дебе, ата жок,

Тууду дебе, эне жок,

Бир жараткан кудаага

Туш келишер неме жок.

Өкүмүнө чара жок,

Өзүнөн бөлөк даана жок,

Өзү бар да, бала жок,

Өзгө тууган, урук жок,

Өзүнөн бөлөк улук жок!

Бир жараткан кудайың.

Билгин угуп жудайын».

Эпостун дагы бир жеринде чогулган көпчүлүктүн таухид келимесин келтирип, ислам динине киргени сүрөттөлөт:

«Чоң барабан дүңгүрлөп,

Чогулуп турган көпчүлүк:

Лаайлаха иллаллах

Мухаммед расулаллах,

  • Келме шаадат жар кылып,

Ыйман айтты күңгүрлөп.

«Жалбарып жалгыз Аллага,

Жалпы намаз оку – деп,

Көрүнбөйт биздин бир кудай

Көөнүңө алып токун!» – деп,

Кырмуз шаа айгай салганы».

Ал эми акындар поэзиясынын айтылуу өкүлү Жеңижоктун «Бир Алла» аттуу ырында кудай тааланын бир экени таасын жана көркөм чагылдырылган:

«Жети кабат асманга,

Күн жараттың бир Алла.

Жылдызы чеге ай менен

Түн жараттың бир Алла

Түрдүү-түрдүү ааламга,

Түр жараттың бир Алла

Ичи толгоп бейишке,

Ур жараттың бир Алла

Адам ата, Ава эне,

Жуп жараттың бир Алла.

Булбул кие, чымчыкты,

Бакта кылдың бир Алла.

Бухардагы падышаны

Такта кылдың бир Алла.

Бугу, марал, кийикти,

Ташта кылдың бир Алла.

Жетип алар ажалды

Башта кылдың бир Алла.

Курт-кумурска, бөй-чаян,

Чөлдө кылдың бир Алла.

Өлгөндөрдүн баарысын,

Көрдө кылдың бир Алла.

Каз, өрдөктүн баарысын,

Көлдө кылдың бир Алла».

Акындар поэзиясынын, анын ичинде заманчыл акындардын чыгармаларында Алланын улуктугу, жалгыздыгы, кудиреттүүлүгү ж.б. кенен-кесири чагылдырылат.

Жыйынтыктап айтканда, жалгыз Аллага гана ишенген адамдын жашоосу бейпил жана коопсуз болот. Муну Анын өкүм-буйруктарына баш ийип, бул дүйнөгө келген негизги максатын иш жүзүнө ашыргандар толугу менен кабылдап, жон териси менен сезет. Мындан сырткары, адамдар арасында тең укуктуулук жана адилеттүүлүк менен иш алып барат, өкүм жүргүзөт. Жаратканга сүйүктүү пенде болууну каалаган момун-мусулман жакшылык кылуудан качпайт, коомдун тынчтыгы жана бакубат жашоосу үчүн колдон келишинче аракет кылат.

Таухид адамга эркиндик берип, аны жамандыктан оолактатат. Тагыраагы, кудайсыздык кыжаалатчылыгынан куткарат. Же болбосо шериги, теңдеши жок улуу күчкө ишенүү – чектүү жана жасалма нерселерге болгон ишенимдерден куткарат. Куран аяттарында Алланын бир экенине көбүрөөк басым жасалып, Ага гана сыйынуу керектиги баяндалат. Кимде-ким кудай таалага шерик кошсо, анда Алланын теңдешсиздигине урматсыздык кылган болот. Бул өтө чоң күнөө. Ырасында эч бир теңдеши жок кемчиликсиз Затка кемчиликтүү нерсени орток кылуу барып турган наадандык, жетип турган караңгылык болор. Ошондуктан бар жана бир болгон Аллага гана сыйынуу шарт. 

Даярдаган: Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев

Колдонулган булактар:

  1. Имам Матуриди, «Китабу ат-Тавхид»;
  2. Абу Муъин Насафи, «Табсирату аль-Адилла»;
  3. «Манас» эпосу, (С. Орозбаковдун вариантында)
  4. А. Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы»;
  5. Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак;
  6. https://new.bizdin.kg
  7. https://sorularlaislamiyet.com
  8. http://islamdini.kg