Базар-Коргон районунун тургундарына Рамазан баштыкчасы таратылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районун баш имам хатиби Шаиков Тынчтыкбек ажы, райондук  хатибият кызматкерлеринин  демилгеси менен жана сауд аравиялык Шейх Солих Ал-Мазяддын демөөрчүлүгүнүн астында  Базар-Коргон районундагы   жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

Улуу Орозо айынын урматына берилген жардам баштыгында ар бир үй-бүлөгө бир кап ун (15кг), күрүч ,5 кг макарон, 3 литр май, кумшекер, туз , чай ж.б тамак-аш азыктары таратылып берилди.

Ушундай жардам Сейдикум айыл аймагына караштуу Дүкүр айылында да уланып, ал жерде муктаж болгон 40 (кырк) үй-бүлөгө дал ушундай азык-түлүктөр таратылып берилди.