Рамазан 29 күн болобу же 30 күн болобу?

عن ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ لَا نَكْتُبُ وَلَا نَحْسُبُ؛ الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا، يَعْنِي مَرَّةً تِسْعَةً وَعِشْرِينَ وَمَرَّةً ثَلَاثِينَ (متفق عليه)

Абдуллах ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят:

Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):

“Албетте биз илимсиз үммөтбүз, жаза албайбыз, эсептей албайбыз. Ай кээде 29 күн болсо кээде 30 күн болот” деди. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).

Демек жогорку хадистерден билингендей ай кээде 29 күн болсо, кээде 30 күн болот. Рамазан айы деле ушундай, кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. Элибизде Рамазан ай 29 күн болсо: “Ата бабаларыбыз кылбаган нерсени кылып жатасыңар, ушул күнгө чейин эч качан 29 күн орозо кармалган эмес, кайдагы бидъатты чыгарасыңар” деп, ызы чуу салуу, нааразы болуу көрүнүштөрү байкалып жүрөт.

Андыктан биз да Рамазандын орозосун 29 күн кармайбызбы же 30 күн кармайбызбы, шаръий далилдер менен изилдөө жүргүзүп көрөлү.

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ أَبِي بَكْرَةَ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏أَبِيهِ ‏ ‏رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ ‏‏عَنْ النَّبِيِّ ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ‏ ‏قَالَ ‏ ‏شَهْرَانِ لَا يَنْقُصَانِ شَهْرَا عِيدٍ رَمَضَانُ وَذُو الْحِجَّةِ (رواه البخاري)

            “Абдурахман ибн Аби Бакра атасынан (разийаллоху анху) риваят кылат:

            “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):

            “Эки айт майрамы бар айлар кем болбойт. Алар Рамазан жана Зул-Хижжа айлары” деп айтты”.  (Имам Бухарий риваяты).

            Бул хадиске ылайык Рамазан жана Зул-Хижжа айлары дайыма 30 күн болот деген түшүнүк өзүнөн-өзү маалым болду. Аалымдар бул хадиске кандай түшүндүрмө беришкен:

وقد اختلف العلماء في معنى هذا الحديث : فمنهم من حمله على ظاهره فقال : لا يكون رمضان ولا ذو الحجة أبدا إلا ثلاثين ، وهذا قول مردود معاند للموجود المشاهد ، ويكفي في رده قوله ، صلى الله عليه وسلم : صوموا لرؤيته وأفطروا لرؤيته ، فإن غم عليكم فأكملوا العدة فإنه لو كان رمضان أبدا ثلاثين لم يحتج إلى هذا . ومنهم من تأول له معنى لائقا . وقال أبو الحسن : كان إسحاق بن راهويه يقول : لا ينقصان في الفضيلة إن كانا تسعة وعشرين أو ثلاثين . انتهى . وقيل : لا ينقصان معا ، إن جاء أحدهما تسعا وعشرين جاء الآخر ثلاثين ، ولا بد . وقيل : لا ينقصان في ثواب العمل فيهما ، وهذان القولان مشهوران عن السلف وقد ثبتا منقولين في أكثر الروايات في البخاري

Аалымдар бул хадиске маани берүүдө түрдүүчө пикирде болушкан:

Алардан кээ бири бул хадистин зоохирине (түздөн-түз) маани беришкен да: “Рамазан айы менен Зул-Хижжа айы дайыма отуз күндөн болот” деп айтышкан. Бул пикир Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын ачык айткан сөзүнө терс келгендиги үчүн туура эмес (мардуд). Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) төмөнкү сөзү жогорку пикирдин туура эместигине жетиштүү. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): “…айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)” деп айткан. Эгерде Рамазан айы дайыма 30 күн болгондо Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) бул сөздү айтуусуна кажет болмок эмес.

Аалымдардын кээ бири бул хадиске ылайыктуу маани менен түшүндүрмө беришкен:

Абул Хасан (рахимахуллах) айтат: Исхак ибну Рохавия (рахимахуллах) бул хадиске маани берүүдө мындай деп айтчу:

“Бул эки ай 29 күн болсо да же 30 күн болсо да артыкчылыгы (сооп жана башка нерселери) азайбайт”.

Дагы бир маани берүүдө; “Экөө тең 29 болуп калбайт, эгер бири 29 күн болсо экинчиси сөзсүз 30 күн болот” деп айтылган.

Дагы бирөөсүндө: “Ал эки айдагы амалдарга берилчү сооптор 29 күн болсо деле 30 күндүн сообунан кемитилбейт” деп айтылган.

Мурунку өткөн улуу муун аалымдар мына ушул акыркы айтылган эки маанини айтып келишкен. Имам Бухарий (рахимахуллах) көптөгөн риваяттарында ушул акыркы эки маани айтылган.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун канча жолу кармаган жана алардын канчасын 29 күн, канчасын 30 күн кармаган, тарыхка бир назар салып көрөлү.

قال الإمام النووي في «المجموع» (6/ 205): [صَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ رَمَضَانَ تِسْعَ سِنِينَ؛ لِأَنَّهُ فُرِضَ فِي شَعْبَانَ فِي السَّنَةِ الثَّانِيَةِ مِن الْهِجْرَةِ، وَتُوُفِّيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ فِي شَهْرِ رَبِيعٍ الْأَوَّلِ سَنَةَ إحْدَى عَشْرَةَ مِن الْهِجْرَةِ] اهـ.

Имам Нававий (рахимахуллах) “Ал-Мажмуъ” китебинде: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Рамазан айынын орозосун тогуз жолу кармаган. Себеби, Рамазан айынын орозосу хижраттын экинчи жылы Шаъбан айында фарз болгон. Ал эми Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) хижраттын он биринчи жылы Робийъул Аввал айында дүйнөдөн өткөн”, деп айткан.

Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) баш аягы болуп, тогуз жолу Рамазан айынын орозосун кармаптыр.Эми ушул тогуз жолку орозонун канчасын 29 күн канчасын 30 күн кармаганын карап көрөлү.

قال ابن خزيمة: إن صيام تسع وعشرين لرمضان كان على عهد النبي — صلى الله عليه وسلم — أكثر من صيام ثلاثين خلاف ما يتوهم بعض الجهال والرغَّاء ، أن الواجب أن يصام لكل رمضان ثلاثون يوما كوامل

Ибну Хузайма рахимахуллах: “Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын доорунда Рамазан айынын орозосу 30 күндөн 29 күнү көбүрөөк болгон.  Бул кээ бир наадан жана келжирек адамдардын: “Албетте ар бир Рамазан айы толук 30 күн болуусу ваажиб”, деп ойлогон нерселерине терс келет”, деп айткан.

عن ابن مسعود قال : » لما صمت مع النبي — صلى الله عليه وسلم — تسعا وعشرين أكثر مما صمت معه ثلاثين «(رواه ابن خزيمة)

“Абдулла ибн Масъуд (разийаллоху анху): “Мен Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен кошо (Рамазан айынын орозосун) 30 күн кармагандан көрө 29 күн көбүрөөк кармадым”, деп айткан. (Ибну Хузайма риваяты).

قال بعض الحفاظ صام رسول الله صلى الله عليه و سلم تسع رمضانات منها رمضانان فقط ثلاثون كذا في شرح ابن حجر

Кээ бир аалымдар айтат: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) тогуз жолу Рамазандын орозосун кармаган. Андан экөөсүн гана 30 күн кармаган (калган жетөөсүн болсо 29 күн кармаган)”, деп айтышкан. Ибну Хажардын (рахимахуллах) шархында ушундай делинген.

Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун 30 күндөн 29 күн кармаган жылдары көп экендиги бизге маалым болду.

Ай планетабыз Жердин табигый жолдошу болуп, анын айланасында 27,32 суткалык мезгил менен айланат. Бул мезгил Айдын сидерикалык мезгили же жылдыз мезгили деп аталат. Айдын жерди айлануу багыты жылдыздардын Жердин айланасындагы көрүнмө айлануусуна карама-каршы болуп, ал батыштан чыгышка (б.а. Жердин өз огу айланасында айлануу багыты менен бирдей багытта) аракеттенет. Айдын өз орбитасын бойлоп кыймыл ылдамдыгы секундуна  1 километрди түзүп, жылдыздарга карата ар суткада болжол менен 13° (градус) жылып барат.

Ай орбитасынын тегиздиги Жердин Күндү айлануу тегиздиги (эклиптика) менен 5°9’тук бурчту түзөт. Кызыгы, Ай өз огу жана Жердин айланасында бирдей-27,32 суткалык мезгил менен айланат. Айдын өз огу жана Жерди айлануу мезгилдери өз ара тең болгондуктан, Ай Жерден караганда дайыма бир жагы менен көрүнөт. Бул көрүнүү дал ошол маалда айдын Күнгө салыштырмалуу кандай жайгашуусуна карай түрдүүчө болот. Жерден караганда Айдын түрдүү формаларда (жаңы Ай, жарым Ай, толгон Ай) көрүнүшү анын фазалары деп аталат.

Күн баткан соң, Айдын ичке орок түрүндө батыш жакта биринчи көрүнүшү элдик тилде жаңы Ай деп аталып, ал адатта, ай башынан кийин экинчи күнү көрүнөт. Мындай абалда Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгү да күңүрт боз формада көзгө байкалат. Айдын Күн менен жарытылбаган бөлүгүнүн мындай күңүрт көрүнүшү Жерден чагылган Күндүн нурлары менен анын жарытылгандыгы себеп болот. Ай фазаларынын алмашуусу анын Жер жана Күнгө салыштырмалуу туткан ордуна байланыштуулугу төмөнкү сүрөттө берилген.

Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.

Төмөнкү сүрөттө Айдын синодикалык мезгили кандай кылып сидерикалык мезгилинен чоң болушу түшүндүрүлгөн.

Мында Ай Жерди айланып жатып 1-абалда болгондо, ал М жылдыздын тушунда толгон Ай фазасында болушу сүрөттөн так көрүнүп турат. 27,32 күндөн соң, б.а. Ай Жерди бир жолу толук айланып чыккандан кийин ал 2-абалда болуп, дагы М жылдыздын тушунда турат, бирок али толгон Ай фазасына чейин жетип барбаган болот. Жер орбитасы бойлоп ар күнү дээрлик бир градуска жакын жылышын эсепке алсак, бул мезгилде ал 1-ден 2-абалга чейин болжол менен 27° ка жылганы маалым болот (жогорку сүрөткө кара). Андыктан, Айдын 2-абалында, андан М жылдызга карай багыт менен Күнгө карай багыттын уландысынын арасында да дал ушундай бурч пайда болгонун түшүнүү кыйын эмес. Анда, Айдын өз орбитасын бойлоп күнүгө болжол менен 13° ка жылышына көрө, 27° туу жааны басып өтүшү үчүн 2 күндөн көбүрөөк убакыт керектелет. Натыйжада Айдын толгон ай фазасынан кетип дагы толгон Ай фазасына келгиче (жогорку сүрөттөгү 3-абал) 29 суткадан көбүрөөк убакыт талап кылынышы айкын болот.

Жогоруда бизге маалым болгондой Айдын белгилүү бир фазасынан (мисалы, толгон Айдан) эки жолу удаалаш өтүүсүнүн арасындагы убакыт орточо эсеп менен 29,53 сутканы түзүп, ал Айдын синодикалык мезгили деп аталат.

Ай Жерди саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Ошондой эле Жер да өз орбитасында Күндү саат жебесинин айлануусуна тескери абалда айланат. Төмөнкү сүрөткө кара:

Күн, Ай жана Жер үчөө бир түз сызыкка жаткан убакта Айдын фазасы Жерден көрүнүүсү 0% болот. Мисалы төмөнкү сүрөттө:

улусу деп аталат. Орусчада болсо новолуние деп аталат. Ушул убакыттан баштап Айдын өмүрү башталат да ал кайра ушундай абалга келгенге чейин орто эсеп менен 29,53 сутка өтөт. Мындай абал жер-жүзү, бүт аалам боюнча бир убакта жүзөгө келет. Мисалы биздин саат боюнча 01-45 те ай жаңырган болсо, ошол убакта Саудияда жана Түркияда саат 22-45 болот. Демек аталган өлкөлөрдө саат 22-45 те ай жаңырды деп айтылат. Ал эми Малайзия мамлекетинде болсо 03-45 те ай жаңырган болот. Себеби Малайзия бизден эки саат эрте болсо Саудия менен Түркия болсо үч саат аркада. Ушул сүрөттөгү үзүк-үзүк сары сызык Айдын орбитасы. Ай өз орбитасын толук айланып чыгуусу үчүн орточо эсеп менен 27,32 сутка керектиги бизге жогоруда маалым болду. Бул Айдын сидерикалык мезгили деп аталат. Ал эми Жерди толук айланып өтүүсү үчүн орточо эсеп менен 29,53 сутка керек болот. Муну болсо Айдын синодикалык мезгили деп аталат.

Айдын 2017- жана 2018-жылдагы Бишкек убактысы менен синодикалык мезгилдеринин 12 айлык жалпы убактысынын жадыбалы.

Бул жадыбалда көрүнүп тургандай 2017-жылдын 20-сентябрында саат 11:30:47де жер, ай жана күн бир түз сызыкка жатты. Бул Зул Хижжа айы менен Мухаррам айынын ортосундагы кубулуш. Ал эми жер, ай жана күндүн кайрадан бир түз сызыкка жатуусу 2017-жылдын 20-октябрь саат 01:12:39 га туш келди. Бул Мухаррам айы менен Сафар айынын ортосундагы кубулуш. Ошондо, Мухаррам айы менен Сафар айынын экөөсүнүн ортосундагы жалпы убакыт 29 сутка 13 саат 42 минут 8 секундду түздү. Айдын синодикалык мезгилинин жалпы убактысы 29,53 сутка деп орточо эсеби айтылган. Өзүңүздөргө маалым болгондой 12 ай аралыгында баары барабар болбойт. Эң эле узуну күн кыскарып, түн узарган 18-декабрдан 17-январга чейинки учурга туш келди да жалпы убактысы 29 сутка 19 саат 47 минут 10 секундду түздү. Ал эми эң эле кыскасы күн узарып, түн кыскарган 13-июлдан 11-августка чейинки учурга туш келип, жалпы убактысы 29 сутка 6 саат 50 минут 32 секундду түздү. Эгерде 2018- жана 2019-жылга ушундай жадыбал түзүлсө, анда ал жогорку жадыбалга дал келбестиги анык. Себеби, бир жылдык ай календары күн календарынан (григориан) 9-10 күн айырма кылат. Мисалы, 2017-жылы Мухаррам аыйнын башталуусу 2017-жылдын 20-сентябрына дал келсе, 2018-жылда 10-сентябрга дал келүүдө.

Мунун себеби Ай Жерди эллипстик орбита менен айланат, Кеплердин мыйзамы боюнча перигейде (айдын жерге эң жакын келген мезгили, Жер менен Айдын аралыгы 357,000 км) айдын ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми апогейге (айдын жерден эң алыс кеткен мезгили, Жер менен Айдын аралыгы 406,000 км) келгенде болсо айдын ылдамдыгы азаят. Төмөнкү сүрөттү кара:

Ошондой эле Жер да Күндү өзүнүн эллипстик орбитасы менен айланат. Жер да өз айлануусунда  перигелийге (жердин күнгө эң жакын келген мезгили, Күн менен Жердин аралыгы 147,5 млн. км) келгенде ылдамдыгы көбөйөт. Ал эми жер афелийге (жердин күндөн эң алыс кеткен мезгили, Күн менен Жердин аралыгы 152,2 млн. км) келгенде анын ылдамдыгы азаят . Төмөнкү сүрөттү кара:

Ушул эки кубулуш себептүү айдын сидерикалык жана синодикалык мезгилдери өзгөрүп, түрдүүчө болуп турат.

Кайсы ай түшкө чейин жаңырса, анда ошол күн айдын биринчиси, ал эми түштөн кийин жаңырса, анда ошол күн өткөн айдын эң акыркысы, тагыраак айтканда 30-күнү деп да эсептелинип келген. 

Дагы айта кетчү нерсе. Эгер Бишкек сааты боюнча түнкү саат менен 01:45 те синодикалык мезгил болуп, эртеси күнү Бишкек кординаты менен саат 20:45 те күн батса, анда күн баткан учурда Айдын өмүрү 19 сааттык болот. Ошол эле Айдын өмүрү Малайзияда күн баткан учурда 17 сааттык болсо, Саудия менен Түркияда күн баткан учурда 22 сааттык болот.

Андыктан: “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш. Ким буга нааразылыгын билдирсе өзүнүн наадандыгын жана келжиректигин гана айгинелеген болот.

Даярдаган: Аалымдар Кеңешинин төрагасы  Абибилла ажы Кадырбердиев