Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Дагестан Муфтиятынын Борбордук аймактык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Дагестан Республикасынын Муфтиятынын Борбордук аймактык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяс ажы Умалатов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, мамлекеттер жана Дин Башкармалыктар ортосундагы достук алаканы бекемдөө жаатында пикир алышты.

Жолугушууда  Ильяс ажы Умалатов Дагестан Республикасынын Азирети Муфтийинин саламын жолдоп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга тынчсыздангандыгын билдирип, Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевге көңүл айтты.

«Биз, албетте сиздер үчүн дуба кылып, бул окуяны абдан оор кабыл алдык. Маркумдарды Алла Таала Өз мээримине алсын. Сиздер менен болгон мамилебиз мындан дагы бекемделип, достугубуз арта берсин»,-деди Дагестан Республикасынын Муфтиятынын Борбордук аймактык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Ал эми Жоробай ажы Шергазыев алкагчы жолу өлкөбүзгө келип жаткан Ильяс ажы Умалатовго өзүнүн ыраазычылыгын билдирип,  Дагестан Республикасынын Азирети Муфтийине саламын жолдоп,  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.