Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевге ыраазычылык барагын тапшырды

Бүгүн, 10-майда Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору  Алмаз Ибраев Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев менен жолугушуп, Эл аралык Ислам Ой жүгүртүү Институту тарабынан берилген ыраазычылык барагын тапшырды. Ыраазычылык баракта Эл аралык Ислам Ой жүгүртүү Институту тарабынан басылып чакан китепчелердин текшерүүдөн өтүшүнө жана салтанаттуу иш-чаранын ачылышына катышкандыгы, Институттагы айрым маанилүү долбоорлорго көмөк көрсөткөндүгү айтылат.

Муну менен катар: “Институт менен Кыргызстандагы ЖОЖдордун жана башка илимий борборлордун мындан аркы кызматташтыгын улантууда көмөк көрсөтөт деп ишенебиз”,- дейт ыраазычылыкта.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган институт китеп көргөзмөсүн уюштурушуп, ага Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышкан.