Арафа күнүнүн эрежеси

1. Арафа түнү бүгүн күн батканда башталат, эрте жатып уктаңыз!

2. Эрте менен саарлык кылуу үчүн эртерээк ойгонуңуз, саарлык убактысы19-июль күнү Бишкек убактысы боюнча саат 03:35. Көрсөтүлгөн убакытка чейин ооз бекитиңиз. 

3. Жок дегенде 4 рекет тахажжуд намазын окуңуз! Башыңызды саждага коюп дүйнө жана акырет жакшылыктарын сураңыз! Ушундай күндөргө жеткиргенине Аллахка алкыш-мактоолор айтыңыз!

4. Багымдат намазынын убагы киргенге чейин «Таң жүргөндө Аллахтан кечирим суроочу пенделерин Аллах көрүп турат» (Али Имран, 17-аят) аятындагы пенделерден болуу үчүн истигфар менен алек болуңуз! 

5. Багымдат намазынын азанынан беш мүнөт мурда сиз намазга даяр болуңуз! Элестетип көрүң, дааратыңыздын акыркы тамчылары менен даарат алгандагы дене мүчөлөрүңүздүн баарынан күнөөлөрүңүз агып чыгып кетип жатат.

6. Даарат алып бүткөндөн соң окулчу дубаны окуңуз!

أشْهَدُ أنْ لا إله إِلاَّ اللَّهُ وَحْدَهُ لا شَرِيك لَهُ ، وأشْهَدُ أنَّ مُحَمَّداً عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ ، اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ التَوَّابِينَ ، واجْعَلْني مِنَ المُتَطَهِّرِينَ ، سُبْحانَكَ اللَّهُمَّ وبِحَمْدِكَ ، أشْهَدُ أنْ لا إلهَ إِلاَّ أنْتَ ، أسْتَغْفِرُكَ وأتُوبُ إِلَيْكَ  رواه مسلم  و الترمذي عن عمر بن الخطاب رضي الله عنه

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лах, ва ашхаду анна Мухаммаддан ъабдуху ва росуулух. Аллохуммажъалнии минат тавваабийна важъалнии минал мутатоххирийн. Субхаанакаллохумма ва бихамдика, ашхаду аллаа илааха иллаа анта, астагфирука ва атуубу илайка” Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) Имам Муслим жана Имам Термизий риваяты.

7. Багымдат намазын окуп, салам бергенден соң артынан дароо үч жолу такбири ташрикти айтыңыз!

اللهُ أكبر اللهُ أكبر، لا إلهَ إلَّا الله، واللهُ أكبر اللهُ أكبر، ولله الحَمْد

Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллоху валлоху акбар Аллоху акбар, валиллахил хамд. (Арапа күнүнүн (19-июль) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркысы (23-июль) күнүнүн аср намазына чейин (жалпы 23 убак намаздын артынан) айтылат.)

8. Андан кийин жайнамазда күн чыкканга чейин Куран, таңкы зикирлер менен алек болуңуз! Күн чыгып (Бишкек шаары боюнча 19-июлда күн чыгуу убактысы 05:40) он беш мүнөт өткөндөн соң…

9. Бир ажылык жана бир умранын сообу жазылуусу үчүн “Ишрак” намазын окуңуз!

10. Сиздин эми тандоо укгуңуз бар. Эгер уктабастан бул күндү өткөрө алсаңыз, уктабаңыз! Ар бир көз ирмемди канимет билип зикир, дубалар кылың! Ошондой эле кылган дубаңыздын кабыл болуусуна ишениң! 

11. Же болбосо Аллахка ибадат кылуу үчүн күч топтоп алуу ниетинде бир сааттай уктап алың!

12. Андан соң ойгонуп даарат алыңыз! Эң аз дегенде 4 рекет Зуха намазын окуң. Айрыкча такбир айтууну, зикир, тилават кылууну унутпаң! Ошондой эле төмөнкү зикирди көп айтың:

«Ла илааха иллаллоху Вахдаху лаа шарийка лах, Лахул мулку ва лахул хамду ва Хува ъалаа кулли шайъин Кодийр »

13. Бешим намазын окуң! Такбир айтың! Курандан бир аз тилават кылың!

14. Бүгүнкү дуба кабыл боло турган күндө көзү өтүп кеткен жакындарыңыз жана жалпы көзү өтүп кеткен момун-мусулмандарга да Куран окуп дуба кылып коюңуз!

15. Аср намазын окуңуз! Такбир айтып кечки зикирлер жана дуба кылуу менен алек болуңуз!

16. Шам намазына бир саат калганда Куран окууну баштаң! Чын ыклас менен дубалар кылың!

17. «Эй, Роббим  ушул күндүн күнү батып жатат, мени тозоктон азат болуп, бейиштик деп жазылган пенделериңдин катарына кошкун» деп дуба кылың!

18. Аллах сизди салих амалдарга ылайыктуу кылсын! Дубаларыңыздын кабыл болуусуна биз да тилектешпиз!  

19. Шамга азан айтылди. (Бишкек убактысы боюнча 19-июль ооз ачуу жана шам намазынын убактысы 20:40) ооз ачууну баштаңыз!

 Ага чейин көп дуба кылың! Эсиңизде болсун, орозо кармаган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот!

20. Бул эрежени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана бейиште бирге болууну каалаган досторуңузга жеткириңиз!

Эскертүү: Ооз ачып бекитүүдө ар бир аймак календарь боюнча өзүнүн убагына карасын!

Абибилла Кадырбердиев- АКнын мүчөсү