Жалал-Абад облусунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылып, Куран жарышы уюштурулду

Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылды.  Саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  Чубак ажы Жалиловдун атасы, уулдары катышты.

Мечиттин ачылышынын урматына карата  Жалал-Абад облусунун аймагындагы медреселерде билим алып жаткан жаштар ортосунда Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Аалым Чубак ажы Жалилов» мечитинин курулуш иштери 2019-жылдын сентябрь айында, Чубак ажы Жалиловдун катышуусу менен алгачкы капсула салынып, башталган болчу.

Аталган мечит аалым Чубак ажы Жалиловдун аты ыйгарылган Кыргызстандагы алгачкы мечит болуп калды.