Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелерин айтып берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, курмандык чалуунун эрежелери, курман айт намазынын окулуусу, маани-маңызы жана сооптору боюнча баяндама жасады.

Ош облусунун казысы айт күндү майрамдык маанайда өткөрүү керектигине токтолуп, колунда барлар курмандык чалуусу керектигин баса белгиледи.

«Таза, оорубаган жандыктан курмандык кылуубуз зарыл. Арык, көтөрүм, чолок, кулагынын үчтөн биринен көбүрөөгү кесилген, оорулуу жандыктар жарабайт. Эң жакшысы таза бир жандыктан сойгонубуз артык. Курмандык кылууда ар бир тамган канга Жараткан Алла  ондон периштелерди жөнөтөт. Ал периштелер кыямат күнүнө чейин ошол адамдын урматына истигфар (кечиримдүүлүк дубасын) айтышат»,-деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Муну менен катар Ош облусунун казысы курмандыктын этин муктаждарга берип, аларга майрамдык маанай тартуулоо керектигин билдирди.

«Дауд алейхи салам Алла Тааладан минтип сурады: «Эй менин Илахым! Мухаммеддин (САВ) үммөтү курмандык кылышса, аларга канчалык сооп бересиң?»-деп сураганда Аллах айтты: «Мен курмандыкка чалынган койдун ар бир кылына он сооптон берем, он өтө жаман күнөөлөрүн өчүрүп жана он жолу даражасын көтөрөм»,-деген. Мына ошондуктан да динибизде курмандык кылуу өтө чоң мааниге ээ»,  –  деди облус казысы.