![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/07/IMG_3131.jpg)
Бүгүн, 16-июль күнү Ош шаарындагы дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү.
Ошону менен бирге бүгүнкү жума баянында Курмандык чалуу жана майрамдын эрежелери, тазалык, санитардык эрежелерди сактоонун зарылдыгы баса белгиленди.
Эскерте кетсек, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган. Ал эми курман айт майрамы 20-июлга белгиленет.