Ата-эне баланы кандай тарбияласа, ошондой сый-урмат көрөт

Ислам дини бала тарбиялоого өзгөчө маани берет. Бир дыйкан жазында кандай эгин эксе, күздө ошонун түшүмүн алгандай эле, ата-эне баланы кандай тарбияласа, ошондой сый-урмат көрөт. Баланын жакшы болуусун каалаган ата-эне эң алгач Жаратканга баш ийүү жана ибадат кылууга үйрөтүүсү абзел. Ошондой эле, ата-эне балдар тарбиясында ар бир кыймыл-аракетинде сабырдуу болуусу кажет. Аллах Таала Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй буйрук берген:

(( وَأْمُرْ أَهْلَكَ بِالصَّلاةِ وَاصْطَبِرْ عَلَيْهَا ))

“Үй-бүлөөңдү намазга буйруп, ага сабыр кыл” (Тоха сүрөөсү 132-аят)

Ата-эне бул жашоодо өздөрү түз жүрүп, Жаратканга баш ийүү менен ибадаттарын так аткарып, акыретте бейишке кирем деген ой менен эле болбостон, Жараткан тарабынан аларга аманат кылып берилген перзенттеринин кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы жана ыймандуу эр-азамат болуп жетилүүсүн камсыз кылуу жоопкерчилигин сезүүсү зарыл.

Анткени  Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй буйрулган:

(( يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَاراً ))

“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөөсү 6-аят)

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

ومن السنة يقولُ- صلى الله عليه وسلم-: (( الرجل راعٍ في أهله ومسؤولٌ عن رعيته، والمرأةُ راعيةً في بيتِ زوجها ومسؤولةٌ عن رعيتها)) البخاري ومسلم.

“Эркек үй-бүлөсү жана өзүнө тийешелүү болгон нерселер үчүн жоопкер, аял эркектин үйүндөгү буюмдарга жана өзүнө тийешелүү болгон нерселерге жоопкер” — деп айткан.

Аллах Таала Кереметтүү Куранда төмөнкүдой баяндаган:

  (( رَبَّنَا هَبْ لَنَا مِنْ أَزْوَاجِنَا وَذُرِّيَّاتِنَا قُرَّةَ أَعْيُنٍ وَاجْعَلْنَا لِلْمُتَّقِينَ إِمَاماً

«Оо, Аллахым! Бизге жубайларыбыздан жана урпактарыбыздан көзүбүзгө кубаныч тартуула жана бизди такыбалар үчүн үлгү кыл».

Баланын жашоо жолунда ата-энесинин тарбиясы өзгөчө маанилүү. Анткени ар бир наристе табиятында таза бойдон төрөлөт. Эгер ата-энеси өздөрү таза болуп, баласында туура тарбия берсе, бала табиятындагы таза бойдон калат. Ал эми ата-эне өздөрү түз жүрбөсө, жакшы бала кайдан чыксын? Бул жөнүндө ата-бабабыздан “Балапан уяда эмнени көрсө учканда ошону алат” — деп акыл сөздөр  айтылат.

Балдарды кантип тарбиялоо керек?

1.Жакшы аял тандоо же жакшы күйөө тандоо. Бул тандоо келечекте балага эң жакшы тарбия берүүнүн алгачкы кадамы болуп саналат.

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “ Эгерде силерге турмуш кура турган жубайыңардын дини толук жана кулк-мүнөзү, адеп-ахлагы жетик болгон болсо, анда дароо үйлөнгүлө же турмуш кургула”-деп айткан.

2. Жаш жубайлар Жараткан Аллах Тааладан келечектеги перзенттеринин салих болуусун сурап дуба кылуусу керек.

Бул туурасында Аллах Таала Кереметтүү Куранда мындайча баяндайт:

 (( رب هب لي من الصالحين))  

“(Ал): Эгем! Мага бир жакшы уул бер”-деди. 

3. Жубайлар жыныстык катнаштан мурда “Бисмиллах”- деп айтуусу.

Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.):    

(( لو أن أحدكم إذا أراد أن يأتي أهله قال : بسم الله ، اللهم جنبنا الشيطانَ وجنب الشيطان ما رزقتنا، فإنَّهُ إن قُضي بينهما ولدٌ لم يضره ُالشيطان أبداً

“Качан силердин бирөөңөр жубайына жакындык кылууну кааласа, “Бисмиллахи, Оо Аллахым! Бизди жана перзенттерибизди шайтандан сактагын”-деп айтсын. Мына ошондон кийин Аллах перзент насип кылган болсо, ал перзентти шайтан эч качан азгыра албайт”.

4. Бала төрөлгөндө ата-энеси баланын кулагына азан айтуу, чачын алуу (чачтын өлчөмүнчө садака кылуу), жакшы ысым ыйгаруу, акыйка (кыз болсо бир кой, уул болсо эки кой союп кан чыгаруу) өткөрүү, сүннөткө отургузуу.

5. Төрөлгөн перзенттин келечегин жакшы болуусун сурап Жаратканга дуба кылуу. Бул баардык пайгамбарлардын айткан дубасы. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда мындайча баяндалат:

(( وَاجْنُبْنِي وَبَنِيَّ أَنْ نَعْبُدَ الْأَصْنَامَ ))

“Мени жана уулдарымды буддарга табынуудан сакта!” (Ибрахим сурөөсү 35-аят)

(( رَبِّ اجْعَلْنِي مُقِيمَ الصَّلاةِ وَمِنْ ذُرِّيَّتِي ))

“Оо. Аллахым! Мени жана урпактарымды намазды толук окуучу кыл” (Ибрахим сүрөөсү 40-аят)

( رَبَّنَا وَاجْعَلْنَا مُسْلِمَيْنِ لَكَ وَمِنْ ذُرِّيَّتِنَا أُمَّةً مُسْلِمَةً)

“Оо, Жараткан! Бизди өзүңө баш ийүүчүлөрдөн кыл жана биздин урпактарыбызды да өзүңө баш ийүүчү кыла көр” (Бакара сүрөөсү 128-аят)

ويقول زكريا : (( رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ))

«Оо, Аллахым! Мага жакшы перзент бер. Анткени Сен дубаны угуучусун деди» (Али Имран сүрөөсү 38-аят)

6. Баланы жаман сөздөр менен чакырбоо. Балдар ортосунда адилеттүү болуу, уул бала жана кыз балдардын бөлмөлөрүн өз өзүнчө бөлүү, ата-энесинин  бөлмөсүнө уруксат менен гана кирүү, убакытты туура пайдалануу жана жакшы дос тандоону үйрөтүү.

7. Коомдук жайларда жүрүүнүн адебин үйрөтүү: Тамактануу, саламдашуу, уруксат суроо, отуруу, сүйлөө ж.б.у.с.

8. Адамдар менен болгон мамилелерди үйрөтүү: Туугандар, кошуналар, достор, мугалимдер,улуулар менен ж.б.у.с.

Жогоруда айтылган сөздөрдү аткаруу менен өзүбүзгө эле пайда алып келбестен, коомго да салым кошкон болобуз. Анткени бир баланын жакшы тарбия алып чоңойуусу ошол коомго пайдасы тийүүчү эр-азаматты жетиштирүү болуп саналат. Ошондуктан, биз бала тарбиялоодо өзүмчүлдүк кылып, өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлогон балдарды тарбиялоодон алыс болуп, эл уулдарын тарбиялап чыгаруу маанилүү экендигин баса белгилейбиз.

Даярдаган: Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов