Бүгүн, 8-сентябрда «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинары Токтогул районунда жыйынтыкталып, имамдарга сертификаттар тапшырылат

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Токтогул району жана Кара-Көл шаарындагы дин кызматкерлерине «Билимдүү имам» аттуу 2 күндүк окуу семинары өтүлүүдө. Окуу Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан  уюштурулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү,  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу, үгүт-насаат жана халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчылары сабак беришүүдө.

“Өлкө аймагындагы жалпы мечит имамдарынын билим деңгелин жогорулатуу максатында Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы, соода-сатык эрежелери, зекет, үшүр, адал сертификат, нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча атайын сабактар өтүлүүдө. Имамдарыбыз өтүлгөн сабактарды жакшы өздөштүрүп жатышат.  Эл менен иш алып барууда жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө дин кызматкерлеринин орду чоң болгондуктан имам билимдүү болушу керек»,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Ал эми КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мындай окуу курстарын Дин Башкармалыгы жыл сайын уюштуруп, имамдардын квалификациясын жогорулатуу аракетинде экендигин баса белгиледи.

«Билимдүү имам элдин көркү жана күзгүсү. Имам адеп-ахлак, билим, жүрүм-турумунда үлгү болушу керек. Андыктан илим менен кошо көркөм адеп-ахлакты кошо өздөштүрүү зарыл. Минтип 2 күндүк окуубуз аягына чыгып, сертификаттар тапшырылып жатат. Сиздер үчүн Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев АКнын мүчөсү Жеңишбек ажы КурбановКМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев өздөрүнүн билимдери,  тажрыйбалары менен бөлүштү. Бул учурду жакшы пайдаланалы!»,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда өтүп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинарына бүгүн Токтогул районунда жыйынтыкталып, билимин жогорулаткан имамдарга сертификаттар тапшырылат.