Аллахтын бар экендигине байыркы жана орто кылымдагы Европа аалымдарынын далилдери

Жаратуучунун бар экендигине ишенүү инсанияттын кан-жанына сиңген табияты. Бул ишеним инсаният акыл-ээсинин мөмөсү. Ар кандай бузук ишенимдер менен булганбаган табигый акыл-эс, эгер аны өзүнүн табигый иштөөсүнө сырттан кийлигишүү болбосо сөзсүз түрдө бул жаратылыштын бир Жаратуучусу бар экенин тастыктайт.

Инсаният өзүнүн узун тарыхында “Ааламды эч кандай Кудай жараткан эмес” деген философторду көп көрдү. Бирок, алардын пикири инсан табиятына дал келбегени себептүү, калың масса тарабынан кеңири кабыл алынбады. Ошентсе да Кудайга ишенген көп аалымдар кудайсыздарга каршы, Жаратуучунун бар экенин далилдеген илимий эмгектерди жаратышты.

Маселен байыркы грек философу Эпиктит: “Кудайга болгон ишеним адамдын дем алуусу сыяктуу токтоосуз болушу керек”- деген.

Дагы бир француз ойчул жазуучусу Чатейбренд (1768-1848) болсо: “Кудайды тааныбай койууга инсандан башка жандуу батына албайт” деп, баардык жаныбарлардын Аллах Таалага тасбих айтуусун, бирок бир гана инсан (өзүнүн өжөр табияты жана шайтаны менен) кээ бир учурда Улуу Жаратуучуну тааныбай койуусун айткан.

Ал эми, 1790-1869-жылдарда жашаган дагы бир Француз жазуучусу , романтизм аракетинин көрүнүктүү өкүлү ламартин болсо Кудайсыз жүрөктүн бош болушун айтып:”Аллахтан бош болгон жүрөк, судьясы жок мекемеге окшош” деген.