Жалал- Абад облусунун казысынын орун басары Давран ажы Жунусалиев Аксы, Ала- Бука, Чаткал райондоруна иш сапары менен барды

Жалал- Абад облусунун  мусулмандарынын казысынын №118  буйругунун негизинде мечиттерди мамлекеттик эсептик  каттоодон өткөрүү боюнча облус казысынын орун басары Давран  ажы Жунусалиев Аксы, Ала- Бука, Чаткал районундагы баш имам-хатибдер менен жолугушуп,  каттоо иштери боюнча жүрүп жаткан иштер менен таанышты.

Муну менен катар Давран  ажы Жунусалиев жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушуп, ысырапкерчилик, зордук-зомбулукту токтотуу жана жаштарга ыйман, адеп-ахлак боюнча айыл аксакалдары, имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин билдирди.