Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков имамдарга берилген тапшырмалар боюнча маалымат алды

Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков шаардагы мечиттердин имамдары менен жолугушту. Дин кызматкерлери шаардын баш имам-хатибине облустук казыят, хатибият тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат беришип, эл арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар жана түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтышты.

Муну менен катар шаардагы каттоодон өтө элек 6 мечиттин көйгөйлөрү, кышка даярдыктар боюнча маалыматтар угулуп, баш имам-хатиб тарабынан тапшырмалар берилди.

“Муфтият тарабынан акыркы мезгилдерде коомчулукта болуп жаткан аянычтуу окуялар боюнча тапшырмалар берилди. Жаштар менен иштеп, эл топтолгон жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Ата-энелер менен иштөөнү күчөтөлү”,-деди Талант ажы Сабриков.