Ош шаарындагы «Рахматулла Аала» мечитинин ордуна заманбап мечит курула баштады

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев Туран аймактык башкармалыгындагы «Рахматулла Аала» мечитинин ордуна салынып жаткан заманбап мечиттин курулушу менен жеринде таанышты.

«Мечит курууда кыпындай болсо да салым кошуп, эмгектенип калууга шашылыңыздар! Анткени, бул иштин сообу адам баласы кайтыш болгондон кийин да жетип турат» — деди Мирланбек ажы Токтомушев

Эскерте кетсек, «Рахматулла Аала» мечитинин эскилиги жеткендигине байланыштуу учурда жаңыдан курулууда.