Баткен шаардык мэриясында балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, өспүрүмдөрдү коргоо боюнча жыйын өтүп, тиешелүү кызматтарга биргелешип, ыкчам иш алып баруу тапшырмасы берилди

Баткен шаардык мэриясында балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, өспүрүмдөрдү коргоо боюнчажыйын өтүп, анда балдарды социалдык жактан коргоо маселелерин алдыга жылдыруу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кепилденген медициналык кызматтарга, билим алууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, алардын коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү, мигранттардын балдарынын, өспүрүм кыздардын абалы, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо маселелери каралды. Ошондой эле ар бир ата-эне, мугалимдер, коомчулук менен биргеликте иш алып барып, балдардын дени сак,  руханий, маданият жагынан тарбиялоодо биргеликте жапырт, ыкчам аракеттерди көрүүсү баса белгиленди.

Ал эми жыйын соңунда  тиешелүү кызматтарга биргелешип, ыкчам иш алып баруу тапшырмасы берилди.

Баткен шаардык мэриясында балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, өспүрүмдөрдү коргоо боюнчажыйынга  КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев, шаардын имам-хатиби Абдирашид ажы Юнусов, аймактык башкармалыктар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, соц.кызматкерлер, ШИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, шаардын жалпы билим берүү мектептеринин директорлору,  соц.педагогдор, мектепке чейинки мекемелердин жетекчилери катышты.