Өзгөндө каттоодон өтө элек мечиттер жана андагы көйгөйлөр айтылды

Ош облусунун Өзгөн райондук хатибиятында каттоодон өтө элек мечиттер боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, көйгөйлөрдү чечүү жолдору каралды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана хатибият кызматкерлери катышты.

Жыйында Исакбай Мурзабеков каттоо иштериндеги көйгөйлөр  менен жеринде таанышып, аны чечүү жолдору боюнча маалыматтарды берди.