Жетим ыйласа жер титирейт

(Иллюстрациялык сүрөт)

Элибизде атасы жокту да, энеси жокту да жетим деп айтат. Эгер экөөсү тең жок болсо “тоголок жетим” дешет. Ислам дининде балагатка жете элек атасынан ажыраган бала гана жетим деп эсептелет. Ал эми балагатка жеткенден кийин атасынан ажыраган бала жетим деп эсептелбейт. Анткени ал өз алдынча тиргилик кыла ала турган куракка жетип калган болот.

Жетимдин акысын зулумдук менен тартып алуу, себепсиз ага тиешелүү мал-мүлкүнө кол салуу жана жетимге таандык болгон тамак-аштан азыктануу ислам шариятында арам иштерден болуп эсептелет. Анткени бул туурасында Керметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:

انَّ الَّذِينَ يَأْكُلُونَ أَمْوَالَ الْيَتَامَىٰ ظُلْمًا إِنَّمَا يَأْكُلُونَ فِي بُطُونِهِمْ نَارًا ۖ وَسَيَصْلَوْنَ سَعِيرًا

“Албетте, жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат” (Ниса сүрөсү, 10-аят).

Жетим тамак-ашка, кийим кечеге кандай муктаж болгондой эле, жакшы тарбияга да муктаж. Ошондуктан жетимдин коомчулукта жакшы жашоо кечириши үчүн ар бир мусулман тараптан колдоо көрсөтүлүүгө тийиш. Аллах Таала Керметтүү Куранда мындай деп баяндаган:

(Ал) сени жетим кезиңде таап, сага баш баанек жасабады беле?! Жана да сени (Ал) адашкан абалда таап, туура жолго салбады беле? (Ал) сени жакыр кезиңде таап, сени байытпады беле. Демек, сен жетимге каарданба” (Зуха сүрөсү 6-7-8-9 -аят)

Ал эми башка аятта:

كَلَّا ۖ بَلْ لَا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ

“Оо, жок! Балким силер өзүңөр жетимге кам көрбөй жатасыңар” (Фажр сүрөсү, 17- аят).

Жетимди өз карамагына алып, аны адептүү кылып тарбиялап, атасынын жоктугун билгизбестен ата ордуна ата боло турган болсо, жараткан тарабынан эбегейсиз сооп берилет. Өз жаштарынын келечегине кам көрбөсө, келечекте түрмө салууга туура келет деген сөз бар. Алдыбыздан чыккан кичинекей жетимдин кичинекей жүрөгү да чоңоёорун унутпайлы.  Бул туурасында Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

قال -عليه الصلاة والسلام)أنا وكافِلُ اليَتِيمِ في الجَنَّةِ هَكَذا وأَشارَ بالسَّبَّابَةِ والوُسْطَى، وفَرَّجَ بيْنَهُما شيئًا)

“Ким жетимди кепилдике алган болсо, мен аны кыямат күнү бейиште (эки манжасын көрсөтүп) кудум ушундай кепилдике аламын”.

Хафиз ибн Хажар айтат: Ким ушул берекелүү хадисти уккан болсо, уккан адамдын акысы бул ишке дароо амал кылууга киришсин. Анткени бейиште Пайгамбарыбыздын жанында болот. Пенде үчүн акыретте мындай жакшылык же мартаба жок. Эгер бирөө жетимди өз үйүнө алып келип, презенттеринин бири сыяктуу мамиле жасап, балагатка жеткенге чейин аны жакшы тарбиялап, камсыздап жана жашоодогу туура багытты көрсөтсө, мына ошондо чыныгы кепилдикке алган инсан болуп эсептелет.

Башка хадисте, “Жетимдин чачынан сылап коюнун өзү эле эсепсиз сооп-сыйлыкка татыктуу иш” деп айтылат. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) ушундай осуяттарына сугарылган сахабалардын жана аларга жакын жашагандардын доорунда көчөдө калган жетим болгон эмес. Ал заманда жетимдер өз баладан артык сый көрүп жашаган. Анткени жетим ыйласа жер титирейт деп айтылат.

Жогоруда ата-энеси жок жетимдер жөнүндө кыскача болсо да, айтып өттүк. Бирок учурда ата-энеси тирүү болсо да, жетимге айланган балдардын көбөйүүсү өкүнүчтүү. Айрымдары ата-энеси баласын таштап, эмгектенүү үчүн чет өлкөгө чыгып кетип, тарбиясыз калган тирүү жетимдер. Кээ бирлери ата-энеси арзыбаган нерседен улам ажырашып, туугандарынын үйүндө же балдар үйүндө калган жетимдер болуп саналат. Жетимдердин көбөйүүсү келекчекте коомчулукка тарбиясыз, ырайымсыз балдардын жетилип келе жаткандыгы десек аша чапкан болбойбуз. Бул учурубуздун чоң көйгөйү бойдон калууда. Андыктан бала тарбиясына дыкат көңүл буруу зарыл. Эгемендик алып, бир аз болсода динге кайтып, адал-арамды, сооп-күнөөнү ажыратып калган азыркы учурда жетимдерге жакшы мамиле кылуудан аксап келебиз.

Урматтуу мусулман бир туугандар, эгер ар бир үй-бүлө өзүбүздүн балдарды жана айланабыздагы жакын туугандардан калган жетимдерди асырап, жакшы тарбия берип, илим алуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүп, коомго аралашуусуна себепчи бололу.

Даярдаган: Абдилазиз ажы Абдурахманов, Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби