Жаман ой адаштырат

Башкалар жөнүндө кандайдыр жаман сөз угуп, аны чындыгын тактабай эле, ал жөнүндө жаман ойдо болуу туура эмес чечим чыгарууга себеп болот. Анткени такталбаган маалымат аркылуу бирөө жөнүндө шектенүүнү жаратат. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Шектенүүдөн алыс болгула. Себеби шектенүү – кызылдай калптын өзү. Бири-бириңердин сөзүңөрдү көп тыңшабагыла, бири-бириңердин жеке жашооңорго ашыкча кызыкпагыла, бири-бириңер менен ким кыйын деп жарышпагыла, бири-бириңерге көз артпагыла, бири-бириңерге аркаңарды салбагыла. Эй, Алланын кулдары! Бир тууган болгула!» – деп айткан. Башка бирөө жөнүндө жаман ойдо болуу бул – шайтандын азгырыктарынын бири болот. Шайтандын азгыруусу менен эң жакын досуңузга да шектенүү пайда болушу мүмкүн.

Бир күнү пайгамбарыбыз (с.а.в) жубайы Сафия менен бара жатса, эки сахаба жолдон өтүп калды. Алар Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрүп кадамдарын тездетип калышты. Муну көргөн Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Шашпагыла, жанымдагы (аял бейтааныш эмес, жубайым) Сафия», – деди. Бул сөздү уккан сахабалар: «Субханаллах! Алла өзү сактасын! Биз сен жөнүндө кантип башкача ойдо бололу, эй Алланын элчиси», – дешти. Аларга Пайгамбарыбыз (с.а.в) : «Шайтан адамдын денесинде канга окшоп айланып жүрөт. Мен шайтандын силердин оюңарга жаман шектенүү салат деп ыңгайсыз болдум», – деп айтты.

Шектенүү менен бир адамдын үстүнө жалган жалаа жабуу дегенде анын намыс жана абийирине шек келтирүү деп түшүнөбүз. Азирети Айша энебизге жабылган жалганды, тагыраагы «Ифк окуясын» эске салсак болот. Так маалыматка ээ болбой туруп, жалганды жайылтуу күнөө экендиги тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:

«Ошол убакта өзүңөр билбеген нерсени (жалааны) оозеки жайылтып, ага жеңил карадыңар. Ал (жалаа) чындыгында Алланын алдында чоң күнөө» (Нур сүрөсү, 15-аят).

Азыркы учурда социалдык тармактарда белгисиз адамдар тарабынан ар түрдүү маалыматтар жарыяланууда. Аларды бир окуп эле ишенип албастан, анализдеп көрүү зарыл. Бирок баарыбыз эле ар бир маалыматты анализдегенге мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, белгисиз адамдар тарабынан таратылган маалыматтарды окубай койуу абзел. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда мындай деп айтылган:

«Билбегениңдин артынан ээрчибегин. Акыйкатта кулак, көз жана жүрөк, мунун баары жооп берүүгө тартылат» (Исра сүрөсү 36-аят).

Ошондуктан маалыматтарды ишенимдүү расмий баракчалардан алган жакшы.

Алла Таала баарыбызды туура жолунан адаштырбасын. Жүрөгүбүздү таза, оюбузду түз кылсын.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси