Акжол ажы Бакиров Баткенден келген жарандарды зыярат кылып, Өзгөн хатибиятынан акчалай жардамдарды тапшырды

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Баткен облусунан Мырзаке айылына эвакуацияланып, «Абдираим каары» медресесине жайгаштырылган жарандардан кабар алды. Зыяраттын алкагында Акжол ажы Баткен облусунан келген мекендештерге сабыр тилеп, 6 үй-бүлөгө хатибияттын атынан акчалай колдоо көрсөттү. Ошондой эле райондордогу жума мечиттеринин жамааты тарабынан топтолгон 196 400 сом акча каражатын Баткендеги окуядан жабыркагандарга жардам берүү үчүн жолго чыккан облустук казыятка өткөрүп беришкен.

«Кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет» деп айтылган. Кудай буюрса бул каралуу күндөр өтүп кетет. Сабырдуу болуп, жакшы күндөрдөн үмүт үзбөйлү», – деп билдирди баш имам-хатиб.

Эскерте кетсек, Азирети Муфтийдин буйругу менен Баткендеги окуялардан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн жер-жерлерде ыкчам штабдар ачылган.